Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

25-КАДР ЖУРНАЛЫНЫН БИР САНЫ УЛУТТУК КААДА-САЛТАРГА АРНАЛДЫ


Аталган журналдын жаңы долбооруна ылайык анын кезектеги саны “Кыргызстан- биздин мекенибиз” деген темада жарык көрдү. Анда өлкөдө жашап жаткан орус, өзбек азербайжан, дунган улутундагы элдер, алардын тарыхы, үрп-адат, каада-салттары чагылдырылган. Ошондой эле аталган улуттардын өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон белгилүү инсандары туурасында жазылган.

Атай кетсек, эмгек сиңирген дарыгерлер Эрнест Акрамов, Акиф Алафердов, “Гермес профи” клубунун жетекчиси, кикбоксинг боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Воинов, Жогорку Кеңештин депутаты, өзбектердин “Орзу” улуттук маданий борборунун биринчи вице президенти Алишер Сабиров жана башка белгилүү инсандардын ишмердиги чагылдырылган. Бул эмгекке карата өз пикирин Кыргызстандагы азербайжан коомдук бирикмесинин жетекчиси Асад Гасанов мындайча билдирди.

-Бул журналда түрдүү улуттар туурасында маалыматтар чагылдырылыптыр. Андыктан ар бир эл жөнүндө, алардын салт-санаасы туурасында кененириээк билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул менин оюмча улуттар аралык карым-катышка жакшы таасирин тийгизет.

Журналдын башкы редакторунун кеңешчиси Венера Алмамбетованын айтымында, кийинки сандарда да Кыргызстанда жашап жаткан ар бир улуттун белгилүү инсандары туурасында маалыматтар берилет. Ошондой эле Кыргызстандагы белгилүү инсандар жөнүндө, алардын жашоосунда болуп жаткан жаңылыктар тууралуу маалыматтар жарык көрмөкчү, анткени 25-кадр журналы окурмандарга кыргыз элинен чыккан белгилүү адамдар тууралуу кененирээк маалымат берүү максатында түзүлгөн. Журналдын башкы редактору Марат Усуповдун айтымында алдыда “Жылдын мыкты адамы” деген альманахтын экинчи санын чыгарууну ниет кылышууда.

-Буга чейин май айында “Жылдын мыкты адамы” деген альманахтын биринчи саны жарык көргөн. Ага атайын жүргүзүлгөн сурамжылоолордун натыйжасында, өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон ар кайсы тармактын ээлерин киргизгенбиз. Эми буйруса бул эмгектин экинчи санын чыгарганы турабыз. Бул жолу дагы социолгиялык изилдөө жүргүзгөн уюмдар менен иш алып барып, ошонун негизинде коомчулуктан көп добуш алган адамдардын ишмердүүлүгүн, чыгармачылыгын альманахтын жаңы санында чагылдырабыз.

Журналдын чыгармачыл жамааты келечекте өлкөдөгү тарыхый, маданий жайларды, алардын иштерин чагылдырган долбоорлорду иштеп чыгууну ниет кылышууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG