Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

7:00 Бишкекте карама-каршы митингдер токтоду


Оппозициялык күчтөр конституциялык реформаны талап кылган митингин кечээ салтанаттуу жыйынтыктады. Борбордук «Алатоо» аянтындагы бул митинг сегиз күнгө созулду. Ошол эле учурда эски аянтта бийликти колдоп өтүп жаткан митинг да аяктады. Карама-каршы митингдердин катышуучулары кечээ кечке жуук боз үй жана чатырларын жыйнашып, тарап кетишти. Шаардын санитардык кызматы бул нааразылык акциялары баш калааны 1 миллион сомдон ашык чыгымга кириптер кылганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG