Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

10- НОЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Пишпек уезддик начальниги А. Талызин Атаке болуштугундагы абалды териштирип, 1894-жылдын 10-ноябрында Жетисуу аскер губернаторуна рапорт жолдогон. 1925-жылдын 10-ноябрында биринчи педагогикалык орто окуу жайы ачылган.

1894-жылы өткөн Атаке волостундагы болуштук шайлоо чоң чыр менен аяктады. Атаке болуштугунун айрым айыл адамдары болуштук шайлоо таза өткөрүлбөгөндүгүн белгилешип жогорку бийлик өкүлдөрүнө арыз менен кайрылышкан. Пишпек уезддик начальниги А. Талызин Атаке болуштугундагы абалды териштирип, 1894-жылдын 10-ноябрында Жетисуу аскер губернаторуна рапорт жолдогон. Уезд начальниги Алике Алымбеков, Боромбай Сасыков, Султан Далбаев жана Колпой Толпашевдердин арызы негизсиз каралоо экендигин белгилеп, алардын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы империялык Талаа Талабынын 65-статьясына жооп бербестигин далилдеген.

1925-жылдын 10-ноябрында биринчи педагогикалык орто окуу жайы ачылган. Жаңы окуу жай Кыргыз билим берүү институту деп аталып, анда мектептер үчүн педагог кадрлар даярдала баштаган.

2003-жылдын 10-ноябрында президент Аскар Акаев баштаган кыргызстандык делегация Индияга барып, өлкө жетекчилиги Индия президенти Абдул Калам, премьер-министр Атал Бихари Ваджпаи менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, региондогу коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Мындан туура 62 жыл мурун Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаев жарык дүйнөгө келген. Ал 1990-жылдын 27-октябрынан, 2005-жылдын 24-мартына чейин Кыргызстандын президентти кызматын аткарып келген.

2005-жылдын 10-ноябрында Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев Эларалык валюта фонддун Кыргызстандагы ишмердигин кескин сынга алды.
2005-жылы Кыргызстандын борборунда мамлекеттик тилди сактоого арналган элдик курултай өткөрүлдү.

Бу күнү, 1885-жылы саякатчы Н. М. Пржевальскийдин Борбордук Азияга жасаган саякаты соңуна чыгып, 1961-жылы Сталинград Волгоград ысмына которулуп, 1982-жылы СССР компартиясынын башкы катчысы Л. И. Брежнев дүйнөдөн кайтып, 1493-жылы Германия Реформациясынын жетекчиси Мартин Лютер, 1759-жылы атактуу немец акыны Иоганн Шиллер, 1810-жылы америкалык ишкер Оливер Винчестер, 1888-жылы советтик авиаконструктор Андрей Туполев, 1895-жылы америкалык авиаконструктор Джон Нортроп, 1919-жылы атактуу конструктор Михаил Калашников, 1920-жылы акын Медербек Акимкожоев, 1937-жылы жазуучу Мажит Каримов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG