Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

САЯСИЙ БЕЙНЕГЕ СҮРТҮМДӨР: НЭНСИ ПЕЛОСИ


АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасында көпчүлүк орундарды жеңип алган демократтар эмдиги аптада партиялашы Нэнси Пелосини спикерликке көрсөтүшөт. Ошондон соң Нэнси Пелоси өлкөнүн тарыхында спикерликке жеткен биринчи аял болуп калмакчы. Бул орун АКШдагы бийлик тепкичинде үчүнчү даражадагы кызмат деп саналат.

Нэнси Пелоси 1991-жылы Перси булуңундагы урушка, ал эми 2002-жылы Иракта согушка каршы болгон. Аскери эки кампания тең ата-бала Жорж Буштардын президенттиги маалында болгонун эске алганда, Пелосини Буштардын саясий сөөк өчтү сынчысы деп атаса болот. Бирок буга карабастан шаршемби күнү президент Буш ага телефон чалып, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

“Президент Буш экөөбүз агыбыздан жарылып аңгемелештик, - деп айтты Пелоси. - Ал мени куттуктады, мен болсо эки партиялуу усулда аны менен иштешүүнү чыдамсыздана күтүп жатканымы айттым”. Пелоси президент менен жалпы америкалыктардын таламы үчүн биргелешип иштей аларына үмүттөнүп жатканын да кошумчалады.

Президент Буш да конгрессмен Пелоси, анын партиялаштары менен алдыдагы эки жылда орток пикир таап иштешкенге даяр экенин ырастады. Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзгөн партия катары аларга эми чоң милдеттер жүктөлө турганын демократтар жакшы түшүнөт, деп айтты Буш.

Нэнси Пелоси 1940-жылы Балтимор шаарында төрөлгөн. Ата-энеси теги жагынан италиялык келгиндер муунунан. Нэнси алты бир тууган ичиндеги жалгыз кыз. Атасы шаар башчысы, кийин федералдык конгресске шайланган. Университетти бүткөн соң Нэнси Пол Пелосиге турмушка чыгып, күйөөсүнүн ысымына өткөн. Беш бала төрөп, аларды эрезеге жеткирүү үчүн эч кандай кызматта иштеген эмес. Бирок көп жылдар бою демократиялык партиянын шайлоо казынасына акча жыйнап, ага активдүү кол кабыш кылып турган. 1987-жылы Калифорниядан шайлаган конгресстин мүчөсү каза болуп,анын орду бошогондо Пелоси талапкерлигин коюуну чечип, мандатты утуп алат. Ошондон бери ал үзбөй өкүлдөр палатасына шайланып келатат. Пелосинин саясий жигерине жана ишмердигине демократтар турсун республикачыл партиянын да көп өкүлдөрү шүйшүнүп, урматташат.

Нэнсинин сынчылары да аз эмес. Айрыкча аны өтө эле либерал деп кинелешкендер арбын. Нэнси,маселен,ийне сайынган маңчылардын ийнелерин айырбаштап турууну, жынысташ адамдардын никеге турушун, бойдон алдырууга аялдарга укук берүүнү жактайт. Мындай жоруктар болсо коомдо азырынча текши колдоо таба элек.

Нэнси “Жүз саат” деген аталышта өзүнүн программасын даярдады. Анда бүткүл өлкөдө төмөнкү кызмат акынын деңгээлин көтөрүү, лоббисттердин конгрессмендер менен сенаторлорго көрсөткөн таасирин чектөө сыяктуу чаралар сунуш кылынган.

Быйылкы шайлоодо республикачылар Нэнсини кооптуу солчул экстремист катары көрсөткөнгө аракет кылышты. Бирок бул тактика тетири натыйжа берди: Нэнси кайра шайланып, эми өкүлдөр палатасынын спикери болгону жатат. Коомдук пикирдин жакындагы иликтөөлөрүндө көпчүлүк америкалыктар Нэнси деген ким экени тууралуу дегеле билбей турганы,ал жөнүндө кабары жоктугу аныкталган эле. Эми бул абал өзгөрөт болуу керек.


b>Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG