Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

ПРЕЗИДЕНТ АРБИТР БОЛУП КАЛДЫ


Кыргызстанда жүргүзүлгөн конституциялык реформада эч ким утулган жок. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев жаңы Конституцияга кол коюу иш чарасында билдирди. Жогорку Кеңеш түнү менен иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясына президент 9-ноябрда кол койду.

Конституциянын жаңы редакциясына президент Бакиев Жогорку Кеңештин, Конституциялык, Жогорку Сот жетекчилеринин, өкмөт башчынын, мамлекеттик катчынын жана президенттик администрация башчысынын катышуусунда кол койду.
Кыргызстандын гимни менен коштолгон бул иш чарада сүйлөгөн сөзүндө президент жаңы мыйзамда 24-марттан бери айтылып, талкууланып келаткан көптөгөн сунуштар эске алынды дейт. Ошондой эле президент ушуну менен саясий талаштарга чекит коюларына ишенимин билдирди:

- Мен кандай гана саясий талаштар болсо пикирдешүү парламенттин ичинде же административдик жайларда чечилишин сунуштап, калктын тынчын албоону каалаар элем. Элибиздин, мамлекетибиздин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө үчүн астыбызда иштей турган иштер арбын. Мен бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакырамын.

Президенттин пикиринде, Конституциялык реформага байланыштуу түзүлгөн саясий кырдаалда тараптардын бардыгы бирдей жеңишке жетишти. Анткен менен 2-ноябрдан тарта мөөнөтсүз митингге чыккан «Реформа үчүн!» кыймылы муну өзүнүн жеке жеңиши катары баалап, нааразылык акциясын майрамга айландырды.
Чындыгында эле жаңы мыйзам мурдагы Конституциядан алда канча жемиштүү болгонун Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов да Конституцияга кол коюуга байланыштуу журналисттер менен жолугушууда белгиледи:

- Биз расмий түрдө жаңы Конституция боюнча жашай баштадык. Чындыгында эле бул жакшы мунаса долбоор болду. Биз бир катар белгилүү эксперттер менен сүйлөштүк. Алар бул Конституция мурдагыдан чынында эле бир эмес, бир нече кадам алдыга жылды деп айтышты. Бул Конституциядан көп суроо туудурган маселелер алынды.

Төрага парламент менен президенттин, президент менен оппозициянын ортосундагы мунасадан пайда болгон Конституцияда бийлик укуктары дээрлик теңештирилди дейт. Анын айтымында, аткаруу бийлигин дайындоо милдети парламенттин колуна өттү. Президент арбитр болуп калды. Өкмөт менен парламенттин ортосунда келишпөөчүлүк түзүлсө, президент алардын бирин таратуу укугун алды.

Парламент токсон депутаттан куралып, алардын жарымы партиялык тизме менен шайланмай болду.Баш мыйзамдан өлүм жазасы алынды, кош жарандуулук кирди, орус тилинин расмий макамы сакталды.

Анткен менен президенттик башкарууга ыктаган саясатчылар бул мыйзам Кыргызстандын табиятына туура келбей тургандыгын айтып, мыйзамга кол коюлганга чейин президенттик башкарууну калтыруу талабын коюп турушту.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG