Америка Кошмо Штаттары президент Курманбек Бакиевдин Конституциянын жаңы редакциясына кол коюушун, ошону менен конституциялык реформа боюнча саясий талаш-тартыштын тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилишин кубаттайт, деп билдирген Мамлекеттик департаменттин өкүлү Гонзало Галлего. Европа Биримдигинин өкүлү да конституциялык реформаны кубаттаганын билдирди. (AiT)