Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:15

Казак президенти Батыш мамлекеттеринин акылын мындан ары укпай турганын билдирди


Казак президенти Нурсултан Назарбаев кечээ күнү Астана шаарында болуп өткөн жыйында мындан ары Батыш мамлекеттеринен Казакстан сабак алып, алардын акылын укпайт деп билдирди: "Жетишет. Казакстан мындан ары бирөөдөн буйрук алып, кимдир бирөөнүн акылын уга турган мамлекет эмес. Эмне кылууну биз өзүбүз билебиз. Багелегиюизди түрүп алып биз бирөөнүн артынан эми чуркабайбыз", - деди Назарбаев. Президент катышкан жыйында Отан партиясы Жарандык партия менен бирикти, бирок жолугушуу учурунда Назарбаевдин минтип сүйлөй турганына ачык себеп болгон жок.

XS
SM
MD
LG