12-ноябрга оогон түңү саат 3төн өткөндө Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун Бишкек шаарындагы Орловская көчөсүндөгү үйүнүн короосуна белгисиз бирөөлөр 2 граната ыргытышкан. Бир граната экинчи кабаттын терезесине, экинчиси үйдүн чатырына тийип жарылган. Гранаталар жарылган убакта депутат үйүндө эс алып жаткан, жабыркагандар болгон эмес. Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана улуттук коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат, деп «Азаттыкка» Биринчи май райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти.