Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Грузиянын козголоңчул Түштүк Осетия жумуриятында референдум өткөрүлдү


Грузиянын козголоңчул Түштүк- Осетия республикасынын 64 проценттен ашык шайлоочулары бүгүнкү референдумда добуш берүүгө үлгүрүштү. Бүгүн бул жумуриятта Грузиядан көз карандысыздык үчүн референдум жана президенттик шайлоо жүрүп жатат. Эгерде шайлоого шайлоочулардын теңинен көбү катышса шайлоо өткөн болуп эсептелет. АКШ, Еврошаркет жана НАТО Түштүк Осетияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү деп эсептешет жана шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Алардын айтымында референдум региондогу абалды ого бетер курчутат.

XS
SM
MD
LG