Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ИСА ӨМҮРКУЛОВДУН ҮЙҮНӨ КОЛ САЛУУ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун үйүнө белгисиз бирөөлөрдүн куралдуу кол салуу фактысы бүгүн парламентте каралды. Бул окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду, ал ишти көзөмөлдөөнү депутаттар төрага М. Султановдун өзүнө тапшырышты.

Иса Өмүркуловдун өзүнүн айтымында, анын үйүнө кол салуу 12-ноябрда түн ичинде болгон. Үйдүн короосуна белгисиз бирөөлөр эки граната ыргытышкан. Бир граната экинчи кабаттын терезесине, экинчиси үйдүн чатырына тийип жарылган. Гранаталар жарылган убакта жабыркагандар болгон жок. Бирок, үйгө зыян келген.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиевдин айтымында, окуя болоору менен милицияга маалымдалган эмес. Мындай кабар эртең мененки саат сегизден жыйырма мүнөт өткөндө гана түшкөн. Маалыматтын кеч келгени кылмышкерлердин изине дароо түшүүгө мүмкүнчүлүк бербеди.

Башкы прокуратура бул окуя боюнча кылмыш иши козгоп, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматынын биргелешкен тергөө тобу түзүлдү.

Депутат Иса Өмүркуловго кол салуу боюнча түрдүү божомолдор айтылууда. Алардын арасында бул иштин артында бийлик менен «Реформа үчүн» кыймылын чабыштыргысы келген үчүнчү тарап болушу ыктымал деген пикирлер бар.

Депутат Мелис Эшимканов “үчүнчү күч” жасады деген божомолду четке кагып, муну бийликтин аларга карат жасаган эскертүүсү деп кабыл алуу керектигин билдирди.

Депутат Иса Өмүркулов болсо бул окуяны өзүнүн саясий жана депутаттык ишмердиги менен да түздөн түз байланыштырууда. Анткени, ал мамлекеттик казынага киреше бере турган энергетика тармагындагы башаламандыктарды, Канттагы цемент-шыйпыр комбинатынын ишин жана Кыргыз темир жол башкармасынын жетекчилигин мыйзамсыз аракеттери бар деп сынга алып келаткан.


Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG