Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

АЖЫЛЫККА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?


Ажыга барчулардын тизмесин түзүү 10-ноябрь күнү токтоп, учурда алардын документтерин такташтыруу иштери жүрүп жатат. Айрым казакстандык жарандар Кыргызстан аркылуу ажыга барууга, айрым оштук, жалалабаттык жарандар Бишкектин, Чүйдүн квотасы менен ажыга жөнөөгө аракет кылган фактылар табылууда.

Ажылык сапарды уюштуруунун соңку иш-аракеттери жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы-ажы Жуманов буларды айтып берди:

- Кошуна мамлекеттердин жарандары жылдагыдай биздин паспортторду жасатып – ажыга жөнөбөсүн үчүн азыр тизмеге салыштырылып паспорттор текшерилүүдө штабда. Андан кийин ажыга барчу кайсы адам кайсы райондон же кайсы шаардан болсо документтери ошол жактын тартип коргоо органдарына жиберилет. Ошондой адам чын эле ошол даректе жашайбы-жашабайбы – текшериш үчүн. Бул ишти 10-15 күндө бүтүп калабыз да, виза ачтырууга толук даяр болобуз.

Андан кийин муфтий Мураталы-ажы Жуманов ажыга талаптанган ар бир адам өзү жашаган облустун квотасы менен гана ажыга бара ала тургандыгын баса белгиледи.

Кыргызстандыктардан башкалар Кыргызстан аркылуу ажыга жөнөтүлбөстүгү үч айдан бери байма-бай эскертилип келатканына карабастан кошуна казакстандык жарандар, тактап айтканда, георгиевкалык, Токмоктон аркы Казакстандын дунган айылдарынын тургундары кыргызстандыктардын эсебинен ажыга баруу өтүнүчтөрү менен кайрылышкандыгын, бирок аларды түшүндүрүү жолу менен кайтарышкандыгын Чүй облустук мусулмандар казиятынын кызматкери Махмуд Табалды уулу кеп кылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректир орунбасары, Кыргызстандын түндүк регионунда ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Аркарбек Садабаев болсо, ажыга барчуларды чогулткан айрым фирмалар айрым казакстандыктарды да тизмеге кошуп ийишкендигин, ошондой эле ош-жалалабаттыктарды Бишкек менен Чүйдүн квотасынын эсебинен жөнөтүүгө батынышкандыгын өкүнүч менен белгиледи. Анын айтуусунда, азырынча тизмеден үч казакстандык жаран такталган, ал эми Ош-Жалалабатта турушуп Бишкек, Чүйдүн квотасы менен кетүүгө аракет кылгандардын саны 300дөй адам.

Толук такталып бүткөндөн кийин ажылыкты уюштуруу жобосун бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилүүдө.

13-ноябрь күнү ажыларды Кыргызстандан Саударабстанга алпарчу самолёт каттамдары жана алардын баасы такталыптыр. Бишкек-Дубай, Ош-Дубай каттамдары 1500 доллар. Бишкек-Истанбул-Жидда каттамы 1850 доллар.

Саударабстанга ажылар үчүн виза ача турган консул Кыргызстанга декабрь айынын башында келүүсү күтүлүүдө. Ал эми Мекеде ажылык зыяраттар өтчү курман-айт ошол декабрь айынын соңку күнүнө туш келет.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG