Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

АРГЕНТИНАДАГЫ ЖАРДЫРУУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ИРАНДЫН МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИЛИГИ КҮНӨӨЛӨНҮҮДӨ


Аргентина соту Интерполго кайрылып, Ирандын бир кездеги президенти Али-Акбар Хашеми-Рафсанжани жана дагы сегиз башка мурдагы жетекчини кармап берүүнү сурады. Алар - 1994-жылы Буэнос-Айрес шаарында болгон жардырууга тийешеси бар деп күнөөлөнүүдө.

1994-жылдын 18-июлунда Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Айрес шаарындагы Жөөт маданий борборунда жарылуу болуп, 85 адам набыт кеткен жана жүздөгөн киши жараат алган. Күнөөлүүлөр табыла элек, бирок өлкөнүн тартип коргоо уюмдарынын тергөөсү көрсөткөндөй, ал жардырууну "Хизбалла" уюмунун адамдары ишке ашырган, анын артында болсо Ирандын ал кездеги жетекчилери турган.

Андан эки жыл мурда Буэнос-Айрес шаарындагы Израилдин элчилигинде да жардыруу болгон жана андан 29 адам өлгөн. Анын артында дагы Иран турган деген шек бар. Аргентинада 300 миң жөөт жашайт, алар өлкөдөгү эң көп сандуу улуттук азчылык.

Аргентинанын айтымында, жардырууну уюштурууга Ирандын ал кездеги президенти Али-Акбар Хашеми-Рафсанжани өзү маулдук берген. Кармалууга тийиш деп аталган сегиз башка адамдын ичинде Ирандын ал кездеги тышкы иштер министри Али-Акбар Велаяти, мурдагы маалымат министри Али Фаллахян, Революциялык гвардиянын мурдагы башчысы Мохсен Резайи жана башкалар бар.

Мамлекеттик сот Родолфо Каникоба Коррал чыгарган буйрукка ылайык, эгер аталган адамдар Интерполго кошулган кайсы бир мамлекетке келсе, алар кармалып, Аргентинага өткөрүп берилүүгө тийиш: "Чыгарылган камоо буйругу менен биз Интерполго кайрылып, аталган адамдарды кармап берүүнү талап кылабыз. Аны менен катар дүйнө коомчулугуна кайрылып, аларды кармоого башка мамлекеттер дагы тийиштүү аракет көрүшүн суранабыз", - дейт сот Каникоба Коррал.

Ирандын Аргентинадагы өкүлү Мохсен Вахарванддын айтымында болсо, Иранга каршы коюлуп жаткан күнөө - жөн гана жалаа: "Ал террор аракетин ким ишке ашырганын Аргентина таба албагандыктан жана АКШ менен Израил жүргүзүп жаткан дүйнөлүк иранофобия менен исламофобия саясатынын натыйжасында Аргентинанын сот системасы мындан 12 жыл мурда болгон окуя менен байланыштуу Иран менен 'Хизбалланы' күнөөлөдө", - дейт Иран дипломаты.

Анткен менен Аргентина соту чыгарган буйрук ишке кантип ашырылаары азырынча так белгисиз. Париж шаарындагы Адам укуктар боюнча эл аралык федерациянын башчысынын орун басары Абдолхаким Лахижинин айтымында, Иран жетекчилерин кармоо бир топ татаал нерсе: "Интерполун адамдары Иранга келип, аларды кармап кете албайт. Анткен менен эгер алар Интерполго кошулган кайсы бир мамлекетке келсе жана ал өлкөнүн полициясына бул буйрукту аткарыш керек деп айтылса, алар аталган саясатчыларды кармай алат. Бирок ошондо дагы баары бир кармалган адамдарды Аргентинага өткөрүп берүү же бербөө боюнча ошол мамлекеттин жетекчилиги атайын чечим кабыл алууга тийиш", - дейт укук коргоочу.

Хашеми-Рафсанжани 1989-жылдан 1997-жылга чейин эки мөөнөт президент болгон, азыр ал Ирандын диний жетекчилиги менен парламент ортосунда байланыш түзгөн атайын кеңешти жетектейт. Акыркы жылдарда ал чет өлкөлөргө деле барбайт, бирок жакында Сирия менен Сауд Арабияга келип кеткен.

Ирандын Аргентинадагы мурдагы элчиси Хади Сулейманпур Лондон шаарында 2003-жылы Буэнос-Айрестин талабы менен кармалган, бирок анын күнөөсүн далилдеген фактылардын жетишсиздигинен кийин бошотулган.

Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG