Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

ПРОФЕССОР ДЛУХИ: ЧЕХИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК РЕФОРМАНЫ ТЕЗ ЖҮРГҮЗДҮ


Чехиянын STEM агенттиги “1989-2005-жылдары өлкөгө эң көп пайда келтирген саясатчы ким?” деген иликтөө өткөргөн. Сурамжылоого катышкан адамдар андай 29 саясатчыны атаганын 11-ноябрда жарыяланган иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөттү. Ал тизмеде 1990-97-жылдары экономика, ошондой эле өнөр жай жана соода министрлигин жетектеген Владимир Длухини 28 процент добуш менен 22 –орунда турат. Профессор Длухи министр кезинде Чехиянын өнөр жайы менчиктештирилип, ири реформалар жүргүзүлгөн. Кабарчыбыз Амирбек Азам уулу экономика илимдеринин доктору Длухиге Чехиядагы инвестициялык жагдайга байланыштуу бир катар суроолор менен кайрылган эле.

“Азаттык”: Урматтуу профессор. Ортолук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен Чехияга өтө көп инвестиция салынууда. Анын сыры эмнеде экенин угармандар менен бөлүшүп койсоңуз.

Проф. Длухи: Биринчиден, биз өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында экономика тармагында чоң проблемалардын болгонуна карабастан, өтө зарыл реформаларды тез жана ийгиликтүү жүргүзө алдык. Ошол реформалар инвесторлорду тартуу үчүн негиз болду.
Экинчиден, Чехияда Батыш Европага жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла артыкчылыктары бар: жумушчу күчү арзан жана эмгек акы төмөн.
Үчүнчүдөн, Чехияда калыптанып калган инфраструктурасы бар. Техникалык жабдуулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер жетиштүү. Буга кошумча Ортолук Европанын өзүндө телекоммуникация жана байланыш, темир жол каттамдары, даңгыр жолдор жакшы өнүккөн. Азыр саналган үч элемент өлкөгө чоң инвестицияны тартуу үчүн абдан маанилүү.

“Азаттык”: Түштүк Кореянын “Хюндай” автомобиль концерни Чехия менен Словакияда жаңы завод курууга киришкенден кийин боордош эки өлкө жаңы Детройтко айланат деген кеп пайда болду. Бул сөз чындыкка канчалык жакын?

Проф. Длухи: Чехия Ортолук Европанын “арстаны” болот же жаңы Детройтко айланат деген сыяктуу сөздөрдү айтуудан мен өтө этиятмын. Маселен, беш жыл мурда Мажарстан экономикалык өсүү ырааты боюнча Ортолук Европанын лидери эле. А бүгүн болсо өлкө чоң проблемаларга кабылды. Мени, албетте, Чехия менен Словакиянын автомобиль өнөр жайына ири өлчөмдөгү тышкы инвестиция салынып жатканы сүйүндүрөт. Бирок, бир тармактуу өнүгүүнүн коркунучтуу жактары бар экенин унутпашыбыз керек. Себеби, бизден чыгыш тараптагы Украина, Россия жана башка КМШ өлкөлөрүндө саясый-экономикалык абал жакшырып, экономикалык өсүү болсо, биз, мен жогоруда айткан салыштырмалуу артыкчылыктарыбызды жоготобуз. Дагы 5- 10 жылдан кийин азыр Чехиянын автоөнөржайына салынып жаткан инвестиция Чыгыш өлкөлөрүнө агыла турганына ишенем. Ошондо, биздин моноөндүрүшкө байланып калганыбыз орупталдуу болот. Анткен менен, бизде азыр автомобиль өнөр жайынын өнүгүп баратканы мени сүйүндүрөт.

“Азаттык”: Урматтуу профессор! Учурда Чехиядагы орточо эмгек акы коңшулаш Германияга жана Австрияга, ошондой эле башка да бир катар Батыш Европа өлкөлөрүнө салыштырганда бир кыйла төмөн. Мындай ажырым качанга чейин сакталышы ыктымал?

Проф. Длухи: Айлык акылар азыр да токтобой өсүп баратат. Бирок, акыркы жылдары эмгек өндүрүмдүүлүгү эмгек акысына караганда тез өсүп жатканы жакшы көрүнүш. Дегинкисин ушундай болуш керек го… Ошол эле мезгилде ар бир адам Чехия менен батыш Европа ортосундагы эмгек акы боюнча ажырым ылдам жоголсун деп тилейт. Айлык эмгек акыларды өстүрбөй кармап туруу мүмкүн да эмес. Ага каршы туруу татаал иш жана ал-экономистер ойлончу маселе. Бирок, Чехия менен Батыш Европа өлкөлөрүндөгү эмгек акысы ортосундагы айырма качан жоюларын так айтуу кыйын.

“Азаттык”: Ушу тапта Чехиядагы орточо эмгек акы 1 миң долларга чукулдап калды. Элдин жашоо деңгээли да ылдам жакшырып барат. Ага карабай эле, адистер жана жумушчулар Британияга, Австрияга жана башка Батыш өлкөлөрүнө кетишүүдө. Эмне үчүн деп ойлойсуз?

Проф. Длухи: Бул адамдардын жашоо деңгээлин тез жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жок болгонго байланыштуу деп ойлойм. Ошон үчүн алар башка өлкөлөргө кетишүүдө. Прагада, Братиславада жана Варшавада экономикалык абал бир кыйла жакшы. Бирок, Чехияда, Польшада жана Словакияда борбор шаарлардагыдан экономикалык абалы эки эсе төмөн региондор бар. Дал ушул аймактарда жашаган адамдар Улуу Британияга жана башка өлкөлөргө кетип жатышат. Батыш Европа өлкөлөрү эмгек базарын либералдаштыргандан кийин дагы көп адамдар жумуш издеп кетишет.

XS
SM
MD
LG