Бул өзгөрүүлөргө ылайык менчикке укук, менчикти коргоо укугу, менчикти коргоодо зарыл коргонуу укугу өңдүү түшүнүктөргө тактоо киргизилди. Өзгөрүүлөргө караганда, менчик ээси зарыл болгон учурда коргонууга, анын ичинде уруксат менен курал алып жүргөн шартта курал менен коргонууга да укуктуу. Мындай демилгени 24-март окуясынан кийин депутат Нурдин Абдылдаев иштеп чыккан.