Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

КЫРГЫЗСТАНДЫК КВНчилер МОСКВАДАГЫ МААРАКЕЛИК ОЮНГА КАТЫШАТ


Кыргызстандык КВНчилер биринчи жолу Москвадагы эл аралык оюнга катышат. Алатоодогу шайыр жана тапкыч жаштарды эл аралык КВН кошуунунун башчысы Александр Масляков “КВНге 45 жыл” деген атайын долбоорго чакырган.

Москвада өтчү оюнга Кыргызстандан КВНчи Саламат Алиев менен Александр Сломнюк барышат. Саламат Кыргыз мамлекеттик курулуш,транспорт жана архитектура университетинин 4-курсунун студенти. Шайыр жана тапкычтардын оюнуна эки жылдан бери катышат:

- Өзүм менен чогуу ойногон, чогуу баштаган КВНчилерге караганда, мен бат көтөрүлүп кеттим. Мен тез эле байкашып, тез эле курама топко алышты. Биринчи биз факультеттер аралык оюндардан баштаганбыз,-Саламат Алиев.

КВН КМШ мамлекеттеринин жаштары арасында кенири таанылган оюн. Ар бир мамлекеттин командасы өлкөсүн боорду эзген тамашалар, куйкум сөздөр аркылуу таанытууга аракет кылышат. КВНчилер бул сынак оңой-олтоң эмес экенин айтышат.

Москвадагы оюнда төрт курама топ - Түштүк, Түндүк, Батыш жана Чыгыш деген командалар чыгат. Кыргызстан Чыгыш тобунун курамында ойнойт. Бул топто кыргыз оюнчуларынан сырткары “Лейтенат Шмидтин балдары”, Владивосток аймагынан чыккан курама топ жана казакстандык шайырлар катышат.

Эл аралык КВН бир топ түйшүктүү. Маселен, Москвадагы оюнда эң ириде көрүүчүлөргө кандай тамашалар күлкулүү болот деген чон суроо чыгат дейт Кыргызстандын КВН клубунун жетекчиси Евгений Акопян:

-КВНде ойноого таанымал топтордун, Орусияда, мүмкүн болсо Москвада жашаган мүчөлөрүн жылына чакырып турабыз. Алар орусиялыктар кайсы тамаша кандай кабыл алынат жакшы билишет эмеспи. Алар жөн эле келип, карап, мобул тамашаңар күлкүлүү, ал эми мунусун эч ким түшүнбөйт деп айтып беришет. Анткени, биз Орусияда кайсы тамашалар күлкүлүү болоорун билбейбиз да. Биздин юморлорубуз азиялык. Ушундай эле маселе Казакстанда да бар.

21-22 – ноябрда Москвадагы оюнга КМШ мамллекеттеринин башчылары көрүүчү катары чакырылган. Орусия менен Грузиянын президенти келебиз деп макулдугун беришти. Курманбек Бакиевге да чакыруу кат жүзүндө алган. Президенттин маалымат кызматынан маалымдашкандай, Бакиевдин барар-барбасы азырынча арсар.

Сүрөттө солдон оңго:

Александар Соломнюк - Кыргызстан КВН курама командасынын мүчөсү; Александра Кирьянова - "АзияУниверсалБанкынын" коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы; Евгений Акопян - Кыргызстан КВН клубунун башчысы; Саламат Алиев - Кыргызстан КВН курама командасынын мүчөсү.


Элеонора Бейшенбек кызы
XS
SM
MD
LG