Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:53

19:41 Улуттук коопсуздук кызматы Роза Отунбаеванын артынан түшүп, күч колдонууга өттү


Бүгүн Роза Отунбаеванын иш кеңсесине Улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкери келип эркине койбой алып кетүүгө аракет кылышкан. Р. Отунбаева УККдан мурда повестка албаган үчүн баруудан баш тарткан. “Алардын мага күч колдонуп алып кетүү аракетине нааразылыгымды билдирем”,- деди “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева бүгүн. Анын айтымында, УКБнын тергөө бөлүмүнүн башчысы А.Кадыров Отунбаеваны эркине койбой, суракка алып келүү жөнүндө тапшырма берген экен. Роза Отунбаева оппозициянын штабынан жазылып алынган чуулгандуу үн тасма боюнча козголгон кылмыш ишке күбө катары чакыртылган.

XS
SM
MD
LG