Коста ушул айда Иранга жасаган витинин учурунда Пакистан менен чектеш Систан Ва Балухистан провинциясында болуп, наркоаткесчилердин жолун тороо үчүн кандай чаралар колдонулуп жатканын көрүп кайтты. Бул провинция аткесчилик айрыкча күч болгон чөлкөмдөрдүн бири болгон. Апрель айында Захедан деген жерде атайын база ачылып, полиция, аскерлер жана коопсуздук агенттиктеринин аймактагы аракеттери координациялана баштады. Базанын башчысынын орун басары координациялык борбордун максаты аткесчилердин бул аймактагы жолун бууп салуу экенин билдирген.
Ооганстанда өндүрүлгөн маң заттарды батышка ташып жеткирүүнүн кан жолу Иран аркылуу өтөт. Маңзат ошондой эле Борбор Азия аркылуу Россияга, Балкан өлкөлөрү аркылуу Батышка жана Пакистан аркылуу Парсы булуңундагы өлкөлөргө ташылат.
Эл аралык коомчулуктан жетиштүү жардам ала албай жатабыз деп нааразы болгону менен Иран наркоаткесчиликке каршы күрөшүп жаткан көптөгөн эл аралык программаларга катышат. Иранга жасаган визити учурунда Антониа Коста бир нече эл аралык топтордун өкүлдөрү менен сүйлөштү.
Иран наркоаткесчиликке каршы күрөштө бир топ тажрыйба топтой алды. Маң затты издөөдө атайын үйрөтүлгөн иттер жана компьютердик системалар колдонулат. Маң затты колдонуу жана сатуу Иранда кылмыш болуп саналат. Ушул жылдын август айында наркоаткесиликке каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Малики наркомандарды дарылоого 14 миллион доллар бөлүнүп жатканын билдирди. Өлкөдө наркомандарды дарылоонун 17 пункту ачылган. Азыр Ирандын түрмөлөрүндө "наркоман" деген айып менен 4500 киши жаза өтөөдө. Иранда вич инфекциясын жугузуп алган кишилердин 56 проценти аны ийне аркылуу жугузган наркомандар.
Бирок Иран өкмөтү 20 чакты жыл бою наркомандарга каршы күрөшүү менен гана чектелип, наркоманияга себеп болгон жумушсуздук, социалдык программалардын жоктугу сыяктуу көрүнүштөргө көңүл бурган эмес. Мурдагы президент Мухамад Хатаминин бийлигинин акыркы жылдарында гана каражаттардын бир бөлүгү социалдык проблемаларды чечүүгө ажыратыла баштады.Өлкөгө Улуттар Уюму тарабынан ажыратылып жаткан 22 миллион доллардын кайсы бир бөлүгү да наркоманияга себеп болуп жаткан проблемаларды чечүүгө жумшалышы мүмкүн.
Баян Жумакадыр кызы, Прага