Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

ТЕМИР НАЗАРОВ ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЫРЧЫСЫ АТАЛДЫ


Темир Назаровдун “Туулган жер” аттуу ыры “Кыз-Бурак” продюсердик борбору менен Маданият министрлиги уюштурган кечеде жылдын хит ыры аталып, ал эми Темир мырза “Жылдын мыкты ырчысы” деген аталышка татыктуу болду.

-Бул сыйлыкты күткөн эмесмин, мыкты ырчы деп айтканда сахнадан өзүмдү жоготуп жибере жаздадым. Учурда жаңы ыр жаздырып жатам. Ал композициям дагы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чыгармалардан болот деп ишенем, - деди Темир Назаров. Мындан сырткары ырчы чет мамлекетте видеоклип тарттырууну ниет кылууда.

Кыргызстандык жаш ырчы Темир Назаров жакында эле Түркияда өткөн “Мези” аттуу фестивалга катышып, ийгилик менен кайтып келди.

Аталган фестивалга дүйнөнүн жыйырма өлкөсүнөн таланттуу ырчылар катышкан. Фестивалдын талабына ылайык катышуучулардын ар бири өз өлкөсү тууралуу айтып берип, номерлерин аткарышкан.

-Алардын катарында мен да Кыргызстан тууралуу айтып берип, репертуарымдагы “Туулган жер” аттуу ырды ырдаганда Түркияда жашаган кыргыздар көздөрүнө жаш алуу менен кабыл алышты, –дейт Темир Назаров.

Дагы бир кубанычтуу нерсе, Т. Назаров бул фестивалдын жүрүшүндө түркиялык хитмейкер жана оранжировщик Горан Мафияндан Түркияга иштөөгө расмий чакырык алган. Ырчы түркиялык хитмейкердин сунушунун үстүнөн учурда ойлонуп жатат: -Бирөөнүн элинде хан болгончо, өз элиңде кул бол деген сөз бар эмеспи, андыктан өз мекенимде эле кызмат кылам го,- дейт ал.


Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG