Кыймылдын мүчөсү Эдил Байсаловдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, өкмөт жаңы конституцияда белгиленген ыйгарым укуктарына ээлик кыла албай, ага барганга Феликс Куловдун эрки жетпей жатат. «Реформа үчүн» кыймылы бул өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды чыңдабасын белгилеп, мындай абалдан чыгуу үчүн өкмөт башчы өз ыктыяры менен кызматтан кетишин жана жаңы өкмөт түзүлүшүн туура көрөт.