Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 03:46

9:20 «Кылым шамы» бейөкмөт уюму эки тараптуу митингдер боюнча сурамжылоо жүргүздү


Бул социологиялык сурамжылоо бүгүн жыйынтыкталат. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, сурамжылоого эки митингге тең тиешеси жок Бишкектин 100 тургуну катышкан. Суралгандардын 62 пайызы кагылышуу коштогон карама-каршы митингдер мындан ары уланса жарандык согушка алып келээрин белгилешкен. Мындан сырткары респонденттердин көпчүлүгү жети күнгө созулган бул нааразылык акцияларын эл аралык маалымат каражаттары гана калыс чагылдырганын, жергиликтүү маалымат каражаттары болсо бир тараптуулуктан арыла албаганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG