Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

15- НОЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Пишпек уездинин начальниги А. Талызин 1896-жылдын 15-ноябрында волость жетекчилери менен манаптардын мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгарган. 1917-жылдын 15-ноябрында Түркстан Кеңешинин III чөлкөмдүк съезди ишин баштады.

Пишпек уездинин начальниги А. Талызин 1896-жылдын 15-ноябрында волость жетекчилери менен манаптардын мыйзамсыз иштери туурасындагы билдирүүyү Жетисуу областтык аскер губернаторуна жолдогон. Уезддик начальниктин билдирүүсүнө караганда Пишпек уездинде Шабдан баатыр баш болгон манаптар Шамшы болуштугунда Осмон кожо сыяктуу бардар адамдар мыйзамсыз иштерди жасап, калкты тоноп аткандыгы айтылат. Мындан тышкары, манап табы туурасында түшүнүк берилип, кыргыз коомчулугунда ал аристократиялык үстөмдүк абалда тургандыгы эскертилет.

1917-жылдын 15-ноябрында Түркстан Кеңешинин III чөлкөмдүк съезди ишин баштады. Съездде Түркстан аймагында Элдик комиссарлар кеңешин уюштуруу маселеси каралган. Бир жума уланган жыйында Түркстан Элдик комиссарлар кеңеши курулуп, анын курамы, иштөө тартиби жана аймакта жайгашкан калктар өкүлчүлүгүнүн саны, сапаттык курамы талкууланган.

2003-жылдын 15-ноябрында президент Аскар Акаев Эларалык валюта фонддун 2-Европа департаментинин башчысы Жон Одлинг Сми менен жолугушту. Эларалык валюта фонду Кыргызстанга «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өсүштү камсыздоо» боюнча үч жылдык программанын алкагында колдоо көрсөтүп, Жон Одлинг Сми долбоордун экинчи жылы ийгиликтүү аяктагандыгын белгиледи.

2003-жылдын бу күнү Эларалык ЮНЕСКО уюму дүйнөдөгү кайталангыс 28 өнөрдү аныктап, алардын арасына кыргыздын төкмөчүлүк акындыгын да кошушкан. Мындай чечим ЮНЕСКО Экинчи эларалык калыстар тобунун Париждеги жыйынында кабыл алынган.

2003-жылдын 15-ноябрында Талас шаарынын айрым тургундары областтык окуучулар арасында бири-бирине салык салып, талап-тоноо көрүнүшү күч алгандыгына карата нааразылык билдиришти.

2004-жылдын бу күнү Кытай Элдик Республикасынын Синьцзянь Уйгур автоном областынын партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюань жетектеген делегация Кыргызстанга келди. Ушул эле күнү делегацияны президент Аскар Акаев кабыл алып, Торугарт аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору, Ош-Сары-Таш-Эркештам жолун реконструкциялоо, гидроэнергетика, коопсуздук, туризм боюнча кызматташуу сыяктуу маселелер тегерешинде сүйлөшүүлөр жүргүздү.

2004-жылдын бу күнү Каракулжа районундагы Ойтал кыштагында «Ойтал» орто мектебинин, Канкоргон кыштагында «Жусупмамыр» орто мектептин жаңы имараттары салтанат менен ачылды.

Айтылуу чех окумуштуусу Бедржик Грозный 1915-жылдын 15-ноябрында байыркы хетт эстелигинин окулушун таап, илимде улуу ачылыш жасаган. Узак жылдарга уланган изилдөө жыйынтыгын, бу күнү ал Берлиндеги Алдыңкыазия коомундагы илим коомчулугунун талкуусуна койгон. Илим дүйнөсү анын ачылышын туура баалап, алар бу күндү «хеттологиянын жаңы башаты» деп аныкташкан.

Бу күнү, б. з. ч. 63-жылы Цицерон Катилинуну «мамлекет душманы» деп атап, 1904-жылы Кинг Жилетт мизи алмашчу бритваны патенттеп, 1920-жылы Женевада Улуттар Лигасынын биринчи жыйыны өткөрүлүп, 1944-жылы түрк месхетиндер Грузиядан көчүрүлүп, 1738-жылы англис астроному Вильгельм Гершель, 1862-жылы немец жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Герхард Гауптман, 1874-жылы даниялык физиолог, Нобель сыйлыгынын лауреаты Шек Крог, 1922-жылы советтик конструктор Игорь Стечкин, 1921-жылы кыргызстандык акын Смар Шимеев, 1939-жылы жазуучу Элүүбай Отунчиев жарык дүйнөгө келген.


Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG