Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:11

ӨЗҮН ӨЗҮ ӨРТТӨГӨНДӨР – ЗОРДУКЧУЛУКТУН КУРМАНДЫКТАРЫ


Кабулда өрттөнүп өз жанын алган аялдар жана эркектер туурасында үч күндүк конференция өтүп жатат. Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Ирак, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан жыйында жанкечтиликтин бул түрүнүн себептери жана аны менен күрөштүн жолдору талкууга алынууда.

Жыйындын катышуучулары биринчи кезекте Ооганстандын Көз карандысыз адам укуктары комиссиясы жана германиялык Медика Мондиале уюмунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы менен тааныша алышат. Медика Мондиаленин Ооганстандагы долбоорунун өкүлү Ансил Андриан-Паулдун Азаттыкка билдиришинче, жогоруда аталган өлкөлөрдө жана ошондой эле Шри-Ланкада жана Иракта аялдардын өздөрүн өрттөп, өз жанын кыйышынын негизги себеби – үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук.

Ошол эле мезгилде үй-бүлөдөгү сексуалдык ыдык көрсөтүү да кыз-келиндердин арасында психикалык ооруларга түрткү болуп, акыры өрттөнүп өлүп алышат. Паулдун айтымында, Ооганстанда бул жол менен өз жанын кыйгандар негизинен сабаты ачылбаган аялдар, ошол эле убакта өрттүн жанкечти курмандыктардынын дээрлик 30 пайызы 19дан 50 жашка чейинки эркектер экен. Ал эми аялдарды бул кадамга түркөн кырдаалдар тууралуу ал мындай дейт:

"Өрттөнүп өлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү аялдар, жана мен таанышып чыккан изилдөөлөргө караганда, жалпысынан алардын көбү сексуалдык зордукчулукка байланышкан. Ошол эле убакта Ооганстанда зомбулуктун башка түрлөрү басымдуулук кылат. Уруп-сабоо, күч менен күйөөгө берүү, кыздарды өлгөн кишинин ордуна кунга берүү сыяктуу учурлар көп."

Бирок, маектешибиздин айтымында, Ооганстанда бул көйгөйгө көп көңүл бурулбай келет. Айрым айылдарда айыл аксакалы зөөкүрлөрдү тыйган учурлар кездешет. Бирок маселени мамлекеттик деңгээлде, пландуу чечүү аракети жокко эсе. Ушуга байланыштуу Пауль Кабул конференциясы чоң мааниге ээ дейт. Анда ар кыл өлкөлөрдүн өкмөт өкүлдөрү, депутаттар, динаятчылар, психикалык саламаттык жаатында иштегендер, жарандык коомдун активисттери жана укук коргоочулар кырдаалды талкуулап, андан чыгуунун жолдору тууралуу кеңешип, таңашышат. "Бул маселеге көз жуумп коюп, кутула албайбыз" деп эскертет ал:

"Конференция аркылуу маалымдуулукту көтөрүүнү максат кылабыз. Кайдыгерлик менен билмексенге салуучулуктун музун бузабыз деп ишенем. Бул - аймактык жыйын, оогандарга алардын көйгөйү башкаларга да орток экендигин көрсөткүбүз келет,- дейт германиялык активист.

Анын сөзүндө, бул жыйын аркылуу оогандар тилсиз жоого өздөрү багынып берген жан кечтилик менен башка өлкөлөрдө кандай күрөшүп жаткандыгын үйрөнүп, тажрыйба алмашууга мүмкүндүк алышууда.


Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG