Президент Курманбек Бакиев эртең Анталияга ремонттолгон учагы менен сапар тартат. Транспорт жана байланыш министрлиги билдиргенге караганда, бул учактын ремонтуна 5 миллион сом жумшалды. Бирок, америкалык базанын учагы менен кагышкан президенттик учак азырынча оңдоло элек. Президент Курманбек Бакиев Түркияга түрк тилдүү мамлекеттердин 8-саммитине катышуу үчүн жөнөп кетмекчи.