Мюнхенде жашаган Сулейман Чаткан Германиянын бир катар шаарларында казакстандык өнөр чеберлеринин концерттери, чыгармачылык кечелери жана Орто Азиядагы салттуу өнөргө арналган иш чаралар өтөт деп чакыруу жибергенде «Азаттык» радиосунун казак-кыргыз бөлүмдөрүнүн тилчилери Венада ар кандай иш чаралар менен ниш сапарда жүргөн болчу.
Ага себеп, Австриянын Вена шаарында кыргыз кол өнөрүнө, атап айтканда шырдакка арналган көргөзмө уюштурулган эле. Веналык үч айым - Лили, Үрсала жана Евелин – Кыргызстанга атайы барып, ондогон шаар-кыштактарды кыдырып, кыргыздардын турмуштук салт-санаасы, үрп-адаты менен таанышып, өздөрү жактырган шырдактардан элүү чактысын Австрияга ала келишиптир. Мына азыр ошол шырдактар Вена шаарында галереянын көркү болуп турган чагы.
-Кыргыз элинен алган таасирим өзгөчө. Кыргызстанды ааламдагы эң нарктуу элдердин катарына койсом болот. Жаратылышы кандай сулуу, адамдары – меймандос, баарын алдыңа жайнатып салат. Бул элдин кол өнөрчүлүгү менен австриялыктарды тааныштыруу ниетинде Венада көргөзмө уюштурдук,- деди дизайнер Лили.
Cүрөтчү-дизайнер Урсуланын айтымында, веналыктар кыргыз шырдагын кызыгып сатып алып жатышат : " Максатыбыз-Вена жана европалыктарды Орто Азиянын кол өнөрчүлүгү менен жакындан тааныштыруу. Кыргыздар биздин бул аракетибизди Пикник-Токмок деп атап жиберишти."
Венадагы кыргыз өнөрү жана фотосүрөт көргөзмөсүнө эки күн бою түрлүү улут өкүлдөрү келип, кооз жасалган түрлүү-түстүү шырдактарды көрүп, анын кандай жасаларын сурашып, үстүнө жайланышып отуруп сүрөттөргө түшүп жатышты.
Алар Бишкектен атайы келген кыл-кыякчы Бакыт Чытырбай, Прагадан чакырылган өнөрпоз комузчу, өнөр иликтөөчү Жаңыл Жусубжан жана казакстандык ырчы-күүчү Иман Берди уулунун аткаруусунда кыргыз менен казактын салттуу ыр-күүлөрү менен таанышты.
Роман, веналык инженер-геолог: "Бакыт, Жаңыл жана Имандын аткаруусундагы көөнө күүлөр айрыкча жакты. Асыресе күү менен ырдын тарыхын айтып, түшүндүрүп отуруп аткарса биз сыяктуу европалыктарга жеңил болот экен. Мен кыргыз калкынын байыртан келаткан улуттук өнөрүнө ашык болгондуктан өмүрлук жолдошумду дагы Алатоо аймагынан тандадым. Зайыбымдын аты Чолпон."
Кыргыз-казактын улуттук өнөрүнө шыктанып таасирленип кеткен Роман чөнтөгүнөн темир комузун алып чыгып, анда билген музыкасын ойноп жиберди.
Кыргызстандык фотосүрөтчү Шайлообек Жекшенбаевдин чыгармачылыгына арналган көргөзмөгө веналыктар менен катар Кыргызстандан келип иштеп жана окуп жүргөн атуулдар да келди.
Бекболотова Гүлайым, докторант:«Венада окуп жаткан жаштар, иштеп жүргөн кыргыз атуулдары бар. Бизге, айрыкча, кыл-кыяк, комуз, домбура менен аткарылган кыргыз, казак ырлары, күүлөрү жагат. Ата мекенди, туугандарды, досторду сагынып жүргөндө мындай музыка өзгөчө таасир этет экен.»
Орто Азия жана Кавказ элдеринин турмуш-тиричилик өнөрүнө арналган Венадагы фотокөргөзмөдө Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык миссиясынан, ошондой эле Австриянын Тышкы иштер министрлигинен өкүлдөр катышты.
Абдыганы Жээнбай