Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

ИРАК МЕНЕН САУД АРАБИЯ ЧЕК АРАСЫНДА КОРОО КУРУЛАТ


Сауд Арабиянын ички иштер министри ханзада Наяф бин Абдулазиздин айтымында, жакында өлкөнүн чек араларын кыркалай коргоо короосу курулат. Бул коргонуу чеги илим жана техниканын эң алдыңкы жетишкендиктери менен жабдылат жана короону курууга бир нече миллиард доллар кетет.

Сауд Арабиянын тышкы чек аралары боюнча зым короо куруу эмдиги жылы башталып, курулуш бир нече жылга уланат жана ага, айрым маалыматтарга караганда, 12 миллиард доллар коротулат. Биринчи короо - өлкө менен Ирак ортосунда курула башташ керек жана эксперттердин пикиринде, анын себеби - Ирактагы согушка Сауд Арабиянын көптөгөн жараны катышып жатканы менен байланыштуу. Айрым учурларда алар мекенине кайтып келүүдө жана эгер андай кайтып келген лашкерлердин саны көбөйсө, алар Сауд Арабиянын өзүндө дагы кандайдыр бир аракеттерди көрүп, абалды бейстабилдештириши мүмкүн.

Лондон шаарындагы "Экономист" изилдөө тобунун эксперти Нейл Патриктин айтымында, андай адамдардын расми саны азырынча көп эмес, бирок алар баары бир коркунуч түзүүдө: "Багдадка каршы АКШ согуш баштагандан кийин саудиялык жигиттер Иракка жөнөгөнү тууралуу маалыматтар бар, расми сан өтө деле чоң эмес, бирок акыркы бир жылдын тегерегинде алардын кайрадан мекенине кайтып келе баштаганы байкалууда. Чөлдөгү чек араны кайтаруу оңой эмес жана өзгөчө Ирак тараптан чек ара кайтаруу аракеттери дээрлик жок", - дейт Патрик.

Анын айтымында, кайтып келип жаткан лашкерлер ар башка мыйзам бузууга барышы мүмкүн деген чочулоодон тышкары, Сауд Арабиянын бийлиги - өлкөнүн шийи мусулмандарына Ирак аркылуу келген ирандык шийилер таасир тийгизет деп да коркот: "Акыркы мезгилде Иран менен АКШ ортосундагы мамилелер бир топ чыңалган абалда. 1980-жылдарда Иран менен Ирак ортосунда согуш болгондо, Перс булуңундагы айрым мамлекеттерге, алардын ичинде Сауд Арабияга дагы Тегеран басым жасап, аларда жашаган шийи мусулмандарына таасир тийгизүүгө аракеттенген. Ошондуктан өлкөнүн чыгыш провинциясындагы абал бир кыйла опурталдуу, анткени шийилер ошол аймакта жашайт, алар Ирандын саясатын толук колдобосо дагы, Сауд бийлигин бир топ тынчсыздандырат", - дейт Патрик.

Сауд Арабиянын түштүгүндө болсо Йемен жайгашат жана бул мамлекетте дагы абал толук тынч эмес, 2000-жылдын октябрында Йемендин Аден портундагы америкалык аскерий кемеде жарылуу болуп, 17 адам набыт кеткен. Ал террор аракети үчүн "Ал-Каида" уюму жооптуу деп эсептелинет. Ирактагы окуялардын көпчүлүгү дагы "Ал-Каида" тарабынан уюштурулган, анын жетекчиси Усама бин Ладендин теги болсо Сауд Арабиядан.

Сауд жетекчилигинин АКШ менен мамилеси жакшы жана бул мамлекетте кандайдыр бир террор аракети уюштурулганда, өлкөнүн мунай өндүрүшүнө ал дароо тасир тийгизет. Үстүбүздөгү жылдын февралында өлкөнүн Абкайк мунай кенине кол салынганда мунайдын дүйнөлүк баасы дароо үч жарым пайызга көтөрүлгөн. Ал чабуулдан эки сакчы курман болгон.


Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG