Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

УКРАИНА: КАЙРА САЯСИЙ ТӨҢКӨРҮШ БОЛОБУ?


Украин парламенти шаршемби күнү президент Виктор Ющенконун саясий эки санаалашын – тышкы иштер жана коргоо министрлерин сессияда катуу ийлеп, аларды кызматтан алуу маселесин айдын этегинде карай турган болду. Мунун алдында президентчил “Биздин Украина” блогу 2004-жылдагы конституциялык реформанын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен сотко кайрылууну чечкен эле.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Борис Тарасюк мындан эки жыл мурда капыл-тапыл оңдолгон негизги мыйзамда өкмөт мүчөлөрүн ким кызматтан алары аныкталбай калганын айтып,парламент аны жумуштан бошотуу үчүн президенттин макулдугун алышы керектигин билдирди. Бирок парламенттеги коалиция,айрыкча премьер Виктор Януковичтин региондор партиясы конституцияга ылайык министрлерди президент сунуш кылып, Жогорку Рада дайындайт жана аларды кызматтан алалат деп эсептейт.

2004-жылы “саргылжын ыңкылап” маалында оппозициядагы “Биздин Украина” блогу конституциялык реформаларга өзү демилгечи болгон эле. Оппозициянын талабы менен өлкө парламенттик-президенттик башкарууга өткөн,мамлекет башчысынын укуктары чектелип, бийликтин негизги бөлүгү Жогорку Радага жана премьер-министрге берилген. Виктор Януковичтин региондор партиясы азыр коммунисттер жана социалисттер менен биригип, парламентте көпчүлүк орундарды контролдойт. Ыңкылапчылар болсо кайрадан оппозицияда калган.

Соңку айларда президент менен премьердин ортосунда саясий пикир келишпестиктер күч алды. Атап айтканда, сентябрда Брюсселде Янукович НАТОго мүчө болгонго Украина азыр даяр эмес деп билдирди; андан кийин президенттин бир нече жарлыгын аткаргандан баш тартты; өкмөттүн макулдугусуз областтык губернаторлорду дайындаганга Ющенконун укугу жок деп,конституциялык сотко кайрылды. Эми болсо президенттин кишиси эсептелген эки министрди кызматтан алуу маселесин парламентке киргизди.

Ушул жана башка окуялар,ошондой эле аткаруу бийлигинен сүрүлүп, кайрадан оппозицияда калганы президентчил “Биздин Украина” блогун 2004-жылдагы конституциялык реформаларды жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылганга аргасыз кылды. Эксперттер мындай кадам Украинаны кайрадан саясий кризиске алып келет дешет. “Эгер ыңкылап учурунда конституцияга киргизилген түзөтүүлөр мыйзамсыз деп табылса,анда башка маселелер,атап айтканда, Ющенконун шайлоонун үчүнчү айлампасында президент болгону да жокко чыгарылышы мүмкүн”,- дейт украиналык саясий аналитик Олес Доний.

Өлкөнүн Конституциялык соту кандай бүтүм чыгарары белгисиз. Бирок кандай болгон күндө да саясий мунаса катары 2004-жылы кабыл алынган конституциялык түзөтүүлөр, европалыктардын жолоюндагы парламенттик башкаруу системасы Украинада ойдогудай иштебей жатканы анык.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG