Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:07

«ГАЗПРОМ» МЫКТЫ БАШКАРУУЧУЛАРЫНЫН БИРИН КЫЗМАТТАН КЕТИРДИ


15-ноябрда Орусиядагы жаратылыш газ жаатында монополист компания «Газпром» өзүнүн аткаруучу жетекчисин жумуштан алганын жарыялады.«Газпромго» караштуу «Газпром нефть» компаниясын жетектеп келген Александр Рязановдун оордуна буга чейин Петербургда азыркы президент менен КГБнын мурдагы офицери катары иштеп келген адам дайындалды. Айрым эксперттердин айтымында, Рязановдун кызматтан кетишине анын «Газпром нефтини» көз-карандысыз ишканага айлантууга жасаган аракеттери себеп болду.

Рязановдун кызматтан бошогону тууралуу кабар чын эле көпчүлүктү таң калтырды. 53 жаштагы Рязанов Орусиядагы мунай жаатында эң тажрыйбалуу жана кеңири белгилүү мыкты менеджерлердин бири катары таанымал.

«Газпром» таркаткан расмий билдирүүдө «Рязановдун иш келишиминин мөөнөтү аяктагандыктан кызматтан бошотулганы» жазылган, бирок бул билдирүү компаниянын өзүнөн келбегендей.

Орусиянын мурдагы экономика министри, азыр Москва Экономикалык жогорку окуу жайын жетектеп жаткан Евгений Ясин Рязановду «жогорку деңгээлдеги башкаруучу» деп биле турганын айтат. «Андыктан анын жумуштан кетиши анын профессионалдык мүмкүнчүлүктөрү менен байланыштуу болбосо керек», дейт Ясин.

- Менимче, Рязановдун кызматтан алынышына анын профессионалдык жактан туура келбегени себеп болгон эмес. Бул «Газпромдун» өзүндө гана бир типтүү бирдиктүү саясат жүрүп жатканын көрсөтөт. «Газпром» өзү бир эле бизнес менен эмес, кайсыл бир деңгээлде, саясат менен да машыккан компания эмеспи? Ошондуктан Рязановдун кызматтан алынышы да ушуга байланыштуу болсо керек деп ойлойм, - дейт Евгений Ясин.

Рязановдун оордуна 54 жаштагы мурдагы КГБнын офицери Валерий Голубев келди. Голубев 90-жылдардын башында Петербург шаарында азыркы президент Владимир Путин да КГБда иштеп жаткан учурда эмгектенип келген.

Крелмь тарабынан көзөмөлгө алынып турган «Газпром» - Орусиядагы эң ири компания жана дүйнөдө газды эң көп чыгаруучу катары белгилүү. Жаратылыш газы менен катар эми мунай жаатында да иш баштоо үчүн компания өткөн жылы белгилүү магнат Роман Абрамовичтин «Сибнефтин» 13 млрд.доллардан ашык баага сатып алган.

Айрым байкоочулардын айтымында, Рязанов «Газпром нефтини» акырындап көз-карандысыз компанияга айлантам деген ниетинин айынан кызматынан кетирилген болушу мүмкүн.

Орусиядагы «Альфа» банктын мунай жана газ жаатындагы аналитиги Кристофер Уефердин оюн угуп көрөлү.

- «Газпром» азыр көптөгөн өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатат жана компания газ бизнеси, мунай жаатындагы жагдай менен кандай алакадагы стратегияны тандап алышы керек деген маселе үстүндө оор талкуулар жүрүүдө. Андыктан, биз Рязановдун кызматтан кетишин, албетте, мына ушул ички талкуулардын бир бөлүгү деп билебиз, - дейт газ жана мунай жаатындагы москвалык аналитик Кристофер Уефер.

Кантсе да, Рязановдой мыкты башкаруучунун кызматтан кетиши Орусия барган сайын өткөнүн ичинде жана дүйнөдө энергетикалык секторго көзөмөлүн арттыруу үчүн бириге баштады деген коркунучту андан бетер күчөткөндөй болду.

Британиялык «Financial Times” басылмасы НАТОнун экономикалык эксперттери “Орусия Европага каршы күчүн көрсөтүш үчүн глобалдык газ биримдигин түзгөнгө аракет кылып жатат» деп жатышканын жазган. Анда ошол картелге Алжир, Катар, Ливия, Борбор Азиялык мамлекеттер жана, балким, Иран да кириши мүмкүн экени айтылыптыр.

Бирок бул өңдүү биригүү иштери каралып жатканы тууралуу маалыматты Кремлдин расмий өкүлдөрү четке кагып, аны «акылга сыйбаган ой» деп аташты.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG