Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28

ТАЖИКСТАН: ТАЖИКТЕР ӨЗБЕК ЧӨЛКӨМҮНӨ КӨЧҮРҮЛӨ БАШТАДЫ


Тажикстандын өкмөтү дың жерлерди иштетүү үчүн деп бир миң чакты үй-бүлөнү өлкөнүн батышына көчүрүүдө. Байкоочулар өзбектер жашаган аймакка көчүрүлүп жаткандар негизинен тажик улутундагылар экендигин белгилешүүдө.

Бир караганда бул план Никита Хрущевдун "дың жер" долбоорун элестетет. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өткөн кылымдын 50-60-жылдары Казакстандын дың жерлерин өздөштүрүүгө Советтер Союзунун ар кыл аймактарынан миңдеген адамдар алып келинген эле.

Тажик өкмөтү өлкөнүн батышындагы дың жерлерди өздөштүрүү үчүн борбордук Хатлон аймагынан көчүп барууну каалагандарга ар түтүнгө 500 доллардан жардам бермекчи. Бул Тажикстан үчүн кыйла эле чоң сумма.

Жумуш жана социалдык иштер министринин биринчи орун басары Сумагүл Тагоева бул планды Азаттыкка мындайча түшүндүрдү:

Хатлон аймагынын ар кыл шаарларынан жана оодандарынан Турсунзадеге 1 миң түтүндү көчүрүү боюнча тажик өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы жардыгына ылайык, ар кыл министрликтер жергиликтүү бийликтер менен тийешелүү шарт түзүүнүн үстүнөн иштеп жатат. Ар бир үй-бүлө 1500 сомониден алат. Бул акча биринчи болуп келгендерге берилет.

Ушул аптада 60ка жакын үй-бүлө Турсунзадеге көчө баштады. 1 миң түтүндү көчүрүү декабрдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.

Турсунзаде Өзбекстан менен чек арага жакын жайгашкан, Тажикстандагы саналуу өнөр-жайлашкан шаарлардын аймактардын бири. Турсунзаде шаарында Борбор Азиядагы эң ири алюминий иштетүүчү завод орун алган. Бул завод Тажикстанга экспорттон эң көп киреше алып келген болуп саналат.

Тажикстандагы 1990-жылдардагы ички согуштун мезгилинде бул заводду көзөмөлдөө үчүн ар кыл кылмыштуу топтор күрөшүп келген жана шаарда кылмыштуулуктун арааны жүрүп турган. Бул топтордун көбү өзбек улутундагылар болчу, анкени алар Турсунзадеде калктын басымдуу бөлүгүн түзөт.

Тажикстандын саясат таануучу Шорикжон Хакимовдун пикиринде, тажиктерди бул жакка көчүрүү менен бийликтер демографиялык кемтикти токтурууга умтулууда:

Элдерди бир аймактан экинчи аймакка атайлап көчүрүү жасалма чара. Анын максаты айдан ачык. Турсунзаде аймагында калктын 80 пайызы өзбектер, жана бул аймак Өзбекстан жумурияты менен чектешет. Ошондуктан, бийликтер өзбектер басымдуулук кылган чек ара аймагында тажиктердин көп болушун каалайт.

Турсунзаде аймагында болгону 70 миң киши жашайт, демек бир миң кишинин көчүп келиши байкалбай калбайт. Бирок кокус чатак чыкса, жергиликтүү бийликтер ага канчалык даяр экендиги белгисиз. Хакимовдун пикиринде, хатлондуктар өзбектерди анчейин жакшы билбейт, ошондуктан Өзбекстан менен чек аралаш Хиссар өрөөнүнүн тургундарын алып келишсе, ортодогу түшүнүүчүлүктү камсыздоо жеңилирээк болмок.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG