Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

БҮГҮН БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗ КИНОСУНУН 65 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНЕТ


13-ноябрда кыргыз киносунун 65 жылдык мааракесине карата Кыргызстандын кинематографистер уюмунун жыйыны болуп, мааракенин алкагында өткөрүлө турган иш-чаралардын планы бекитилген. Анын негизинде 15-ноябрда кино үйүндө жаш кинорежиссер Талгат Асранкулов тарткан “Бейиштин чымчыктары” аттуу көркөм тасманын бет ачары болду. Дүшөмбүдө уюштурулган Дидор эл аралык кинофестивалына катышып, Тажикистандын маданият министрлигинин байгесине жана дипломуна татыктуу болгон бул фильм атайын мааракеге карата тартылды дейт Кыргызстандын кинематографистер уюмунун төрагасы Таалайбек Бапанов.

Кечээ 16-ноябрда Ала-Арча көрүстөнүндө кинематографистер көзү өткөн кыргыздын атактуу киноактерлору менен кинорежиссерлорун эскеришти. Ал эми бүгүн саат ондо кино үйүндө салтанаттуу жыйын болот. “Кыргызкино” концерндин жетекчиси Замир Эралиевдин айтымында бул салтанаттын алкагында кинотармагында өз салымдарын кошкон айрым киноишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат.

Өлкө башчысынын жарлыгы менен эмгеги сиңген бир катар киноишмерлерге жогорку мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар ыйгарылды. Алардын айрымдарын атай кетсек “Даңк” медалы менен кинооператор Манасбек Мусаев жана Кадыржан Кыдыралиев сыйланса “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы директору Бакыт Карагулов КРнын эл артисти деген наамга ээ болду. Ал эми улуттук “Кыргызкино” концерндин жетекчиси Замир Эралиев менен кинооператор Мурат Жыргалбаевге "Кыргызстандын маданиятына эмгек синирген ишмер" деген ардактуу наам ыйгарылды. Кыргызстандын кинематографистер уюмунун төрагасы Таалайбек Бапановдун билдиргенине караганда, кыргыз киноишмерлерине Казакстандын кинематографистер уюму тарабынан да сыйлыктар тапшырылат.

Кыргыз киносунун 65 жылдык мааракесинин алкагында ошондой эле кинорежиссерлор Рая Шаршенова менен Геннадий Базаров тарткан “Реквием”, жана “Метаморфоза” фильмдеринин бет ачары болот. Маараке өнөр чеберлеринин майрамдык концерти менен коштолот.

Белгилүү кино жана театр чебери Болот Бейшеналиевдин уулу Азис Бейшеналиев бул майрам чоң мааниге ээ дейт.

-Менин оюмча бул майрам чоң мааниге ээ. Себеби буга чейин кыргыз киносунда жасалган иштерди унутканга жол бербейт жана кыргыз киносу азыркы абалынан жогору көтөрүлүп, өнүгөт деген ишенимди арттырат.

Кыргызстандын кинематографистер уюмунун төрагасы Таалайбек Бапановдун билдиргенине караганда декабрь айында кинематографистердин кезектеги курултайы өтөт. Бул курултайдын негизинде келерки жылда аткарылуучу иштердин прораммасы түзүлөт.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG