Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

БАЗАР БАСКАН ЖЕРДИН САЛЫГЫ ҮЧ ЭСЕ КӨТӨРҮЛДҮ


Бүгүн парламент коммерциялык максатта пайдаланылган жер үлүштөрүнө салыкты үч эсеге көтөрүү жөнүндөгү Өкмөттүн сунушуна макулдук берди.

Долбоорду парламентке сунуштаган каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, буга чейин соода, тамак-аш, оюн-зоок түйүндөрү, базарлар, майбекеттер жана башка коммерциялык максатта пайдаланылган жер үчүн бир чарчы метрине 14 сом 70 тыйындан төлөп келишкен. Ошол эле учурда алар бир чарчы метр жерди ижарага дээрлик жүз эсе кымбат беришет деп белгиледи министр:

-“Бета-сторес” супермаркети 0,96 гектар жерди ээлеп турат. Бир чарчы метр жер үчүн жылына 14 сом 70 тыйын төлөйт. Ал эми өзүнүн ижара акысы болсо айына бир чарчы метр жер үчүн 30-70 доллардын айланасында. Мындан соода түйүндөрүнүн катарына “Дордой” базары, “Гоин” жана “Дордой плаза” сыяктуу көптөгөн ири соода түйүндөрүн, Карасуудагы базарды да кошууга болот.

Министрдин белгилөөсү боюнча жер салыгын көтөрүүдөн эң ириде жергиликтүү бюджетти толтурууга, андан шаарлар менен райондордун инфраструктурасын жакшыртууга, бюджеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк:

-Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, жергиликтүү бюджеттердин капчыктары көбөйөт. Ош облусу азыр 5,8 млн сом алып атса, 13,49 млн сомго өсөт. Ал эми Ош шаары өзү эле 18 млн сомго, Баткен 15 млн, Жалалабад 32 млн, Ысыккөл 33 млн, Нарын облусу 9 млн, Талас 2 млн, Чүй облусу 62 млн сом, ал эми Бишкек шаары 114 млн сомду жергиликтүү бюджетине кошуп алат эле.

Министрдин сунушун депутаттар дээрлик баары колдоого алышты. Айрым депутаттар үч эсеге көтөрүү аз, беш-он эсе көтөрүү зарылдыгын айтып чыгышты.

Ошол эле учурда жер салыгын көтөрүүдөн базарлардын, тамак-аш, оюн-зоок түйүндөрүнүн жана майбекеттердин ээлери эч кандай зыянга учурабайт, алар ижара акысын дагы кымбаттатып, мындан баалардын өсүшү гана мүмкүн деген пикирлер да болбой койгон жок. Депутат Кубатбек Байболов ишкер чөйрөгө мындай кысым жасоо туура эмес деп эсептейт:

-Күндө дүкөнгө барган бечаралардын чыгымы көбөйөт. Мына ушуну түшүнүү керек. Жөн эле баланча акча табат экен деп, ушуларды жабыр тарттырайлы деп, иштеп акча таап жаткандарга мындай мамиле кыла берсек, врачтарды, мугалимдерди, ошол чиновниктерди багып аткан чөйрө дээрлик жок болуп кете тургандыгын да ойлоого тийишпиз.

Ал эми депутат Авазбек Момункуловдун ишениминде бул жерде эч кандай кысым жок, бул ишкерлерди салыктын бардык түрүнөн бошотуп койгон күндө да, алар ижара акысын бир тыйынга да төмөндөтүшпөйт:

-Ансыз деле салыктын баарын эл төлөйт. Элдин жерин ээлеп алып, аны бир аз оңдоп-түзөп коюп эле чарчы метрлеп сатып жаткандар атайын будамайлап атышат, калп эле эл кыйналат деп. Эми эгерде жер салыгы көбөйсө, андан түшкөн каражат деле элге кетет да. Анда салыктын баарын жоюп салуу керекпи?

Жер салыгын көтөрүүдөн ишкерлер да, эл да жабыркабайт дейт каржы министри Акылбек Жапаров. Анын айтымында дачалык жана короо алдындагы участоктор бул мыйзамга кирбейт, социалдык маанидеги мекемелер үчүн бул мыйзамда салыкты төмөндөтүүчү атайын коэфициенттер көрсөтүлгөн.

Талкуунун аягында депутаттар жер салыгы боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү, анын ичинде айыл чарбага эмес, коммерциялык максатта пайдаланылган жер үчүн салыкты үч эсе көтөрүү боюнча сунушту көпчүлүк добуш менен колдоп беришти.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG