Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 00:14

АБДЫШҮКҮР НАРМАТОВ: МУФТИЙДИН МАСЕЛЕСИН УЛАМАЛАР КЕНЕШИ ЧЕЧСИН


Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы кайрадан тынч эмес. Уламалар Кеңешинин айрым мүчөлөрү муфтий Муратаалы ажы Жумановдун иштен кетишин талап кылууда. Элүү чакты адам шаршемби күнү өз талаптарын айтып, муфтият имаратынын астына пикетке да чыгышкан. Алардын азыр талаптары чечилбесе Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайын өткөрүү ниеттери бар. Кезектеги ажылык зыярат алдында Дин башкармалыгында орун алган мына ушул жагдай тууралуу “Азаттык” менен Бишкектеги Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов ой-пикир бөлүштү.

- Сиз дагы муфтият алдындагы Уламалар кеңешинин мүчөсүсүзбү?

- Мен кечээ чогулуш болгон кезде аксакалдардын арасында туруп, “Уламалар Кеңеши 30 адамдан турат, мен өзүм аалымдардын катарына кошулбагандыктан мен бул Уламалар Кеңешинде жокмун”, деп айтып койдум. Чындыгында мен Уламалар Кеңешинде эмесмин.

-Уламалар Кеңешинин он чакты мүчөсү жана аларды колдогондор муфтият реформа жасасын, муфтий алмаштырылсын деген талаптар менен чыгып жатышыптыр. Бул жеке пикир келишпестиктерден жаралган маселеби, же дин башкармалыгы чын эле өзгөрүүлөргө муктаж болуп турабы?

- Негизинде Уламалар Кеңеши, менин жеке пикиримде, мечиттерде иштебеген, же болбосо казыятка, муфтиятка караштуу мекемеде иштебеген көз карандысыз аалымдардан турганы жакшырак болмок. Бирок, азыркы кезде болуп жаткан "муфтий кетсин!", "Реформа болсун" деген маселе ажылык башталар алдында, же орозо битир жыйналгандан кийин болуп жатат. Ошондуктан өткөндө муфтияттын алдында пикет болгон кезде, мен чыгып, бул жердеги мусулман бир туугандардан бир ооз сөз суранып, мен сөз сүйлөдүм эле. Сүйлөгөндө айттым: Урматтуу мусулман бир туугандар, кечээ эле өкмөттүн астында оппозиция жана өкмөттү колдогон адамдар пикетке чыгып, ааламга уят болук эле, эми молдокелер ушул жолго барбастан Уламалар Кеңешинин чогулушун жыйып, эгер Муратаалы ажынын айыбы болсо мойнуна коюп, чечсек. Сырттагы адамдарга шылдың болбойлу деген максатта айттым эле. Кээ бир молдокелер мага да каршы сүйлөп, сен адвокат болуп жатасың деген маселелерди койду. Чындыгын айтканда мен өзүмдүн калыс пикиримди айтканы чыктым эле.

- Сиз жана айтып кеттиңиз, ушундай жаңжалдар кезектеги ажылык зыяраттар алдында, орозо битир чогултулгандан кийин, башкача айтканда каржылык маселелер жаралганда чыга калып жүрөт деп. Орозо битирден чогулган каражаттын пайдаланылышында маселелер барбы?

- Орозо питир жөнүндө айтсам, Кыргызстандын калкынын 80 пайызы мусулман эмеспизби. Ошолордон мынча миллион акча түшөт экен деп кээ бир аксакалдар келип сүйлөп жатат. Мен кечээ бир жерде тойдо болуп сурамжылоо жүргүзсөм, мисалы 10 жигиттен сурадым, сен мусулман катары мечитке садага питир алып бардыңбы десем, он жигиттин арасынан бирөөсү гана алып барыптыр. Мен Кыргызстанда ислам тармагында кызмат кылып жаткан адам катары, садага питирди кайда алып барсам деген суроого өзүң билген жетим-жесир, пенсиясы жетпей калган кемпирлерге, же карылар, жетимдер үйүнө алып баргыла деп айтам. Ошондой эле түлөө өткөрөт элем деген кезде мен мечитке алып баргыла, жетим үйлөрүнө алып баргыла деген жоопторду берем.

Ошого байланыштуу биздин Кыргызстандагы миллиондогон мусулмандардын баары эле садага питирди мечитке алып келип беришпейт,миллиондогон акча түшкөн жок. Мисалы, былтыр Кыргызстан мусулмандар башкармасына болгону 700 миң сомго жетпеген акча түшкөн экен. Ал акчаларды медреселерге, жакында Ислам университетинин жыйындар залында Бишкектин айланасынан 400дөн көп адамдарга, кээ бир оорулууларга 5 миң сомдон, арты болгондорго 100-200 сомдон биздин студенттерге да жардам катары таркатылат. Мейли ушул маселе болгон чакта да, муну текшере турган адамдар текшерип, так аныктап айта турган адамдар бар. Муну Уламалар Кеңеши чечиш керек. Бирок менин жеке пикирим жанагыдай сыртка чыгып кыйкырык менен маселе чечилбейт, ал болбойт.

Суроо салган Улан Эшматов, Прага
XS
SM
MD
LG