Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

ФЕЛИКС КУЛОВДУН БАШЫНА КАЙРАДАН КАРА БУЛУТ ТОПТОЛУУДА


Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев өкмөт башчы Феликс Куловго карата кылмыш ишин козгоону талап кылып Башкы прокуратурага кайрылды. Депутат премьер-министрди өткөн жылы мыйзамсыз акталган, “Химсинтез” чуусу боюнча жана депутат Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүнөн мыйзамсыз жаздырылып алынган аудиодискет үчүн жооп берүүгө тийиш деп эсептейт.

Дооронбек Садырбаевдин айтуусунда азыркы өкмөт башчы Феликс Кулов өткөн жылы март ыңкылабынын шарданы менен гана мыйзамсыз түрдө акталып кеткен:

-Куловду актоо маселесинде сот да, прокуратура да мыйзамды сыйлабаган, сабатсыз адамдар катары өздөрүн көрсөтүшкөн. Баягы революциялык маанай менен Куловду туура эмес актап коюшкан. Кулов кайра ордуна отурушу керек же мыйзамга тууралап, мыйзамдуу түрдө акталып чыгууга тийиш. Башка жол жок.

Дооронбек Садырбаев мындан беш жыл мурун Куловдун “Химсинтезге” байланыштуу иши боюнча сотто күбө катары өтүп жатып, баалуу маалыматтарды жашырып, сотко калп айтып койгондугун эскерип, ал үчүн азыр жооп берүүгө даяр экенин билдирди:

-КРнын мыйзамдарына ылайык жогорку чектеги жоопко тартылууга макулмун. Бирок мен кыргыздын бир жаш баласы күйүп кетпесин, генерал эле деп, Куловдун кесиле турган мөөнөтүн ондогон жылдарга узартып жибере турган бир фактыны соттон жашырып койгонмун.

Садырбаевдин айтуусунда бул маалыматтар учурда УКК карамагында жатат.

Феликс Куловду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу талап 3-ноябрда депутат Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүндө болгон оппозициянын штабынын жыйыны мыйзамсыз түрдө тыңшалып, үнтасмага жаздырылып алынып, ал ачыкталгандан кийин козголуп жатат. Дооронбек Садырбаев өкмөт башчы Феликс Куловду кызматтан кетирүү демилгесин буга чейин эле көтөрүп келген.

Дооронбек Садырбаевдин мындай мазмундагы арызы Башкы прокуратурага түшө элек. Бул тууралуу аталган прокуратуранын маалымат катчысы Токтогул Какчекеев билдирди. Ал “Химсинтез” чырына байланыштуу маселе чечилген, ал эми үнтасмага Куловдун тиешеси жок дейт: -“Химсинтез” боюнча маселе чечилген, ал үчүн Кулов отуруп чыкты. Үнтасманы болсо Кулов жаздырган жок, алгач аны жаздырган кишилерди табуу керек. Баарына эле Куловду күнөөлөй берген туура эмес да.

Ал эми премьер-министр Феликс Кулов Конституциялык реформа өкмөттү отставкага кетирүүгө негиз боло албай турганын айткан:

-Мен өзүм эч кандай отставканы пландаган жокмун. Өкмөт мүчөлөрүн да отставкага кетирүү негизсиз. Айрым бир ишти жөндөй албаган министрлер менен жетекчилердин жоопкерчилиги жыл жыйынтыгында айтылат,-деген Феликс Кулов.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG