Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

«ОКУГУЛА, СУКТАНГЫЛА!» ДЕЧҮ БЕЛЕ


22-ноябрдан тарта кыргызстандыктар жаңыланган 2006-жылкы үлгүдөгү паспортторду ала башташат. 2004-жылкы жаңы паспортто улуттук эн-белгилер туура эмес түшүрүлгөнү белгиленген. Жаңы паспортторду алуу түйшүгү эки жылдан бери өзгөчө оор маселеге айланып келатат.

2004-жылкы паспорттордун жасалгасы, асыресе андагы канатын жайып турган тоо бүркүтү менен «көөкөр» деп тартылган улуттук буюмдун көрүнүшү түшүнүксүз сүрөткө айланып калганы буга чейин көп эле айтылды. 2006-жылкы жаңы паспортто улуттук эн-белгилердин текши баары түпнускасында кандай болсо ошондой жасалып, ушул айдын аягында элге бериле баштай тургандыгын өкмөт алдындагы Маалымат ресурстары жана жаңы технологиялар мамлекеттик агенттигинин директору Амангелди Кенжетаев маалым кылды.

- Декабрдан баштап миң паспорттон чыга баштайт. Бүгүнкү күндө бизде чогулуп калган эки жарым айдан берки паспортторду эмдиги жылдын 1-февралына чейин берип бүтөбүз.

Ушу тапта чет өлкөгө чыгуучуларын катары арбып, ошондон жалпы жарандык паспортторго суроо-талап аябай жогору. Молдовалык «Регистру» компаниясынын Кыргызстандагы паспорт долбоорун жүзөгө ашырып жаткан «Интелинкс» жоопкерчилиги чектүү коомдун жетекчиси Таалайбек Жумагуловдун айтуусунда, жалпы жарандык паспорттор кыйла эле арбын чыгарылган.

- Өлкө ичине жарактуу паспортторду чыгаруу боюнча биздин милдеттенмебиздин жарымы эле аткарылды. Келишим боюнча биз жыл бою 500 миң ID card чыгарышыбыз керек эле. Жалпы жарандык паспорт боюнча 125 миң паспорт чыгара турган болсок, аны ашыгы менен аткардык. 140 миңден ашуун паспорт чыгардык. Жыл аягына чейин дагы 30 миң паспорт чыгарсак, белгиленген планды 1,5 эсеге аткарабыз.

Кыргызстандын ишке жарамдуу калкынын кыйласынын чет жерде иштеп жүрөт. Алардын паспорт көйгөйү эки жылдан бери айтылып келатат. Ушу тапта алыскы райондордо гана паспорт маселеси турбаса башкалаа Бишкек менен ага жуук жашаган айыл-кыштак эли үчүн жагдай кыйла жеңилдеп калды. Бирок да ал азырынча толук чечиле элек.

Мээркан Абдpаимова үч айдан бери паспорт алалбай, кыйла убакты-саатын качан паспорт келет менен өткөрүүдө.

- Үч айдан бери күтүп жатам. Сентябрдын он төртүндө тапшыргам. Мына ноябрь бүтүп баратат. Декабрга кетип жатат. Улам эле келсең «мына кел, ана кел» деп коет.

Бишкекте иштеп жүргөн Гүлсина Танаева жаңы паспорт алыш үчүн айылына барып, 15 документ толтурушу керек.

- Биздин шаарда учетубуз жок. Кайдан бизге бул жерден паспорт бермек эле. Айылыбызга барып ошол жактан алабыз да.

Башкалаа тургуну Светлана Кыргызстан паспорт кризисинен чыкты, жарандык күбөлүктү алуу ушу тапта маалында жүрүүдө дейт.

- Бул жердин мага эмнеси жакты? Мына мен карап көрдүм, документти кандай толтуруу керектиги ачык, даана жазылган. Октябрь районунда мен паспорт аларда документ толтура албай кыйналгам.

А.Кенжетаев эки айдан бери эмнеликтен паспорт берүү жайлап калганын технологиялык жабдууларды дагы бир ирет текшерүүдөн өткөрүүгө байланыштуу түшүндүрдү. Анын ырасташынча, паспорт көйгөйү жалгыз эле Кыргызстанга тиешелүү эмес, жаамы дүйнө өлкөлөрү үчүн оор маселе бойдон калууда.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG