Түрк элдеринин сегизинчи саммитине катышып аткан президент Курманбек Бакиев Азербайжан президенти Илхом Алиев, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев Анталиядан билдирди. Бүгүн эртең менен саммитте президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгы, экономикалык карым-катышына токтолду.