Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:02

КЫРГЫЗДЫН МЕЙМАНДОСТУГУНАН ЖАРАЛГАН БОЗ ҮЙ


Кыргызда чет элдиктерди айрыкча айыл жеринде кучак жайып, дасторконун жайып тосуп алышат. Кийин ал коноктор кетет, ошол бойдон балким эч кайрылып да келбейт. Бирок ал саякатчылар мекенине кыргыз элине болгон жылуу сезимдерин өзү менен ала кетишет. Ал эми сезимдерден кийин жакшы нерселер жаралган учурлар болот.

Мындан бир-эки жыл мурда Давид Ладсперски достору менен Кыргызстанда болуп, Ысык-көлдү айланып, Хан-Теңирге чыгып келишкен. Жолдо малчыларда бир топ конок болушкан. Давид кыргыздардын ачык айрымдыгын өз элинин – чехтердин түз сүйлөп, түз жүргөн мүнөзүнө окшоштурган экен:

- Кыргызстандын эли мүнөзүнүн ачыктыгы жана боорукерлиги менен жакты.

Давид Чехияга кайтып келгенден кийин, кыргыздардын урматына өзү жетектеген бейөкмөт уюмду "Юрта" же "Боз үй" деп атап алыптыр. Германия менен чек арадагы Дечин шаарында иш алпарган бул уюм акыл-эс өнүгүшү начар кишилерге чоподон идиш жасаганды, тикмечилик сыяктуу кесиптерди үйрөтөт. Чехиянын мыйзамы боюнча, чоң ишкана-фирмалар сөзсүз белгилүү санда ушундай майып адамдарды кызматка алышы керек же аларга акчалай каражат төлөшү керек.

Давиддин уюму кийин атайын заказ менен боз үй жасатты. Аны ар кандай иш-чаралардын мезгилинде шаардын борбордук аянтына тигишет. Үстүнө үзүк-туурдук жабышпайт, ошондо сырттагылар ичти, ичтегилер сырты көрүп турушат:

- Боз үйдү өз ишибиз менен элди тааныштырганда, реклама катары колдонобуз. Ал татынакай болуп тигилип турса, эл да кызыгат. Кишилер келип, эмне иш кыласыңар деп сурашат. Биздин боз үй аларды магниттей өзүнө тартып турат.

Бул магнит боз үйдү Юрта уюму ушул Чехиядан эле, Саша Спрадо деген жаш устадан сатып алган.

Саша Дуба деген шаарчанын четиндеги айылда жашайт. Кесиби экономист, убагында чот кагып, эсепчи болуп иштеди. Бирок кийин өзүнүн чындап көңүлү түшкөн ишке – боз үй жасаганга өттү.

Давидден айырмаланып, Саша эч качан Кыргызстанда же башка көчмөн элдеринде болгон эмес. Ал эми боз үй жасаганды Францияда үйрөнгөн. Түштүк Франциядагы немис устанын үйүндө 4 ай оокатын кылып жүрүп, уук ийип, кереге чаап, аны бир бирине кийиштирип байлагандын сырларын өздөштүрдү. Өзү кыргыздын боз үйүн көбүрөөк жактырат, бирок жасаганга жеңил деп монголдордун уугу түз боз үйүн жасайт. Бирок байманасы ашкан Европада деги кандай адамдар боз үй алып, ай-талаада тигип жашайт болду экен дээрсиз. Көрсө анын алармандары адатта альтернативалык жашоо өңүтүн жолдогондор экен:

- Алармандар адатта эт жебеген вегетариандар, убагында хиппи болуп жүргөндөр, акыл-туюмун Күн Чыгышка бургандар.

Саша 2-3 үч жылдан 20 чакты боз үй жасады. Аларды жалаң интернет аркылуу сатты. Ар бир боз үй үзүк-туурдугу жок турушунда 2 миң доллар. Алар азыр Канадада, Германияда жана албетте Чех жумуриятында тигилип турат. Жакында Италиядан заказ түштү. Бул өлкөдө бир туристтик фирма токойдун четине беш-алты боз үй тигип, алардын бирине ал тургай бассейн салат экен. Саша ошондой эле Кыргызстанга барып, өз өнөрүмдү дагы өркүндөтсөм деп жүрөт. Эгер барып калса, кыргыздын усталары да андан интернет соодасынын сырларын сураштырып ала алышат.

Жаңыл Жусубжан, Дуба, Чех Жумурияты
XS
SM
MD
LG