Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:46

15:30 18-ноябрда ОБСЕнин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тегерек үстөл жыйынын өткөрүштү


ЖАЛАЛАБАТ. Кеңешмеге катышкан Жалалабат,Ош, Баткен облустарынын жергиликтүү бийлик, чек ара, бажы кызматтары менен бейөкмөт уюмдар чек ара көйгөйлөрүн талкуулашты.Анда айтылгандай, кыргыз-өзбек чек араларынын толук такталбагандыгынан карапайым калктын өз ара катташуусу оор. Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын 60 күн бою визасыз жүрүү маселеси чечиле элек. Эки өлкөнүн ортосунда чек арада башы ачылбаган 58 жер турат.Тажик республикасы менен чек араларды аныктоо иши али башталган жок. Анын айынан кыргыз-тажик чек араларында ар түрдүү чыр-чатактар орун алууда. Жыйында жергиликтүү эл үчүн суу менен жайыттарды биргелешип пайдалануу маселеси да баш катырган көйгөй экендиги айтылды.(YA)

XS
SM
MD
LG