Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

15:00 Президенттин маалымат кызматы “Агым» гезитинде жарыяланган макала боюнча билдирүү таратты


Анда “гезитте бир катар өлкө жетекчилеринин жана премьер-министр Феликс Куловдун катышуусунда өткөн кеңешменин жалган стенограммасы басылган. Бул шакаба мамлекеттик кызматтагы адамдардын абийирине шек келтирет” деп айтылат. Гезит 17-ноябрдагы санынын ички беттерине бир катар мамлекет кызматкерлер “Реформа үчүн!” кыймылынын лидерлеринин иш-аракеттерин талкуулаган жыйындын стенограммасын жарыялаган. Стенограмма шакаба иретинде басылганын ушул эле гезиттин14-бетинде эскертилген. “Агым” гезитинин негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов бул какшык макаланы “Реформа үчүн!” кыймылынын лидерлеринин үндөрү жазылып алынган тасмага жооп ирээтинде баалап, бул гезиттик материалда абройго доо кетирер жагдай жок экенин белгиледи.(ZA)

XS
SM
MD
LG