Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

ВЬЕТНАМДЫН БОРБОРУ - ХАНОЙДО АТЭКтин ЛИДЕРЛЕРИ ЧОГУЛУШТУ


Вьетнамдын баш калаасында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык - АТЭКтин форуму ачылды. Ханойго 21 өлкөнүн лидерлери, анын ичинде АКШ, Россия, Кытай президенттери келишти.

Саммиттин катышуучулары глобалдуу сооданы либералдаштыруу сүйлөшүүлөрүн жандантууга аракеттенишерин билдиришти.
Июлда АКШ менен Евробиримдик Доха шаарындагы жолугушууда айыл-чарба субсидияларын кыскартуу жөнүндө орток пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган эле. Атап айтканда Евробиримдик, Индия, Бразилия жана АТЭКтин мүчөлөрү АКШ, Австралия жана Япония бир мунаса таба алышкан эмес.

Доха айлампасынын жанданышы глобалдуу экономиканын өсүшүнө жана жакырчылыкты жоюуга жардам берет, - деп белгилешти лидерлер.

Бүгүн эртең менен болсо Мельбурнда Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлү Доха сүйлөшүлөрү улантылса, АКШ биринчи болуп субсидияларды кыскартууга тийиш деп билдирди.

Анын аралыгында Ханойдо АКШ президенти Буш Сеулду Түндүк Кореянын кемелерин текшерүү программасына колдоо көргөзүүгө көндүрө алган жок. АКШнын ырастоосунда, андай инспекция Пхеньянга жаңы атомдук технологияларды сатып алууга жол бербейт.

Түштүк Кореянын президенти Ро Му Юн менен жолугушуусу алдында Буш буларды айткан эле:

- Бул маселени дипломатиялык, тынч жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюция ишке ашырылып жатканын дүйнөгө көргөзүү абдан маанилүү. Андыктан сүйлөшүүлөрдө санкцияларды аткаруу маселеси да козголомокчу.

Ошол эле мезгилде Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Сеул курал-жарак ташууда деп шектенткен кемелерди инспекциялоону уланта берет деп белгиледи. Мындай милдеттенмени өлкө курал-жаракты жайылтпоо келишиминин алкагында алган.

Форумга катышкан лидерлер ошондой эле Түндүк Кореяны атомдук программасынан баш тартууга, эларалык сүйлөшүүлөргө кайтууга үндөгөн биргелешкен билдирүү жасашат деп күтүлүүдө.

19-ноябрда Жорж Буш жана Владимир Путин Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюшмакчы.

Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG