Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

ӨЗБЕКСТАН ТАРАПТАН КАДАМЖАЙ РАЙОНУНА ЖОЛ ЖАБЫЛЫШЫ МҮМКҮН


Кадамжай районуна караштуу бир катар айылдардын тургундары район борборуна каттап жүргөн жолду өзбек тарап жаап салуусу ыктымал. Мындай маалымат Кадамжай районунун акими Дыйканбай Кенжебаевден алынды, деп кабарлайт аймактагы кабарчыбыз Сабыр Абдымомунов.

Акыркы эки үч күндүн аралыгында Өзбекстандын Алтыарык району менен Кадамжай району чектешкен жерде жайгашкан Борбалык чек ара бекетин өзбек чек арачылары кышкы убакытка байланыштуу деген шылтоо менен кечки саат алтыдан баштап, таңкы саат сегизге чейин жаба баштаган, бекеттеги текшерүүлөр эки эсеге күчөтүлгөн.
Бир автобусту текшерүү убактысы 45 мүнөткө чейин созулууда. Абалды тактоо үчүн Кадамжай райондук бийлик өкүлдөрү барган учурда өзбек чек арачылары план боюнча Борбалык бекет жайгашкан жол таптакыр жабылышы керек деп жооп беришкен. Сөз болуп жаткан жолду Кадамжай районунун он чакты айылдарынын тургундары район борборуна баруу үчүн пайдаланышат.

XS
SM
MD
LG