Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 09:41

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


БИШКЕК. Метеорология борборунан маалымдашкандай, 20-22-ноябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт: жамгыр жаап, тоолуу аймактарда ал карга айланат. Ошондой эле Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарда 0... -2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүк айыл чарбасындагы түшүм жыйноо иштерине терс таасирин тийгиши мүмкүн.

20-ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +4...+9 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз +4...+9 градус болот.
Таласта түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +5...+10 градус
Нарын аймагында түнкүсүн -1...-6, күндүз +4...+9 градус.
Борборубуз Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +6...+8 градус болот.

XS
SM
MD
LG