Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

10:44 Бир нече депутат парламентти таркатуу демилгесин көтөргөн жатат


Парламенттин бир нече депутаттары парламентти таркатуу сунушу менен жакынкы күндөрү президентке кайрылуу жөнөтүп, саясий билдирүү жасашат. Депутат Камчыбек Ташиев бүгүн сессияда сүйлөп, парламентти таркатсак эки айды уттуруп, бирок үч жарым жылды утабыз деп билдирди. Ал эми депутат Акматбек Келдибековдун пикиринде бул маселеге элдин пикирин билиш үчүн референдумга барса да болот. Бирок депутат Болот Шерниязов мындай пикирдеги депутаттарды жаңы Конституция менен саясий чайкоочулук кылбаганга чакырды.

XS
SM
MD
LG