Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

МОСКВА: КЫРГЫЗСТАНДЫК АКЫНДАРДЫН ОРУСЧА ЫРЛАР ЖЫЙНАГЫ ЖАРЫК КӨРДҮ


Кечээ, 19-ноябрь күнү, кечинде Москвадагы Жазуучулардын Борбордук Үйүндө кыргыз окурмандарына да таанымал белгилүү орусиялык акын жана котормочу Михаил Синельниковдун эки бөлүктөн турган жаңы ырлар жана котормолор жыйнагынын ачылыш аземи өттү.

Орусиялык белгилүү акын Михаил Синельников «Ала кийиз» деп аталган өзүнүн жаңы ырлар жана котормолор жыйнагынын ачылыш аземинде сөзүн ыр окуу менен баштады. Ленинградда төрөлүп, бирок балалык мезгили Кыргызстанда өткөн орусиялык акын Ала-Тоону өз мекени деп билээрин айтат. Аземге келген акын-жазуучулар, Москвадагы кыргыз мигранттары жана мурдатан бери бул жакта жашап калган кыргыз интеллигенциясы акындын ырларын жылуу кабыл алышты.

- Менимче, кыргыз поэзиясы бүгүн да уланып, өнүгүп жатат, анткени өлкөдө мен билген чыгаан акындар бар. Булар менин досторум Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Сүйөркул Тургунбаев, Анатай Өмүрканов жана башка көптөгөн акындар бар. Мен азыркы кыргыз поэзиясындагы улуу муундун өкүлдөрүн гана айтып жатканым да бекеринен эмес, мен алар менен көбүрөөк иштешип калбадымбы. Албетте, азыр да акындардын «жаңы толкуну» бар экенинен күмөн санабайм, бирок, тилекке каршы, менде алар тууралуу маалымат дээрлик жок. Анткен менен алар менен жакында таанышам го деп ойлойм. Келерки жазда мен Кыргызстанга барып келсем деген ниетим бар. Менин өзүм үчүн Кыргызстан улуу поэзиянын өлкөсү катары баалуу. Анткени бул өлкө - Токтогулдун, Алыкул Осмоновдун мекени. Алыкул Осмонов жеке мен үчүн кыргыз поэзиясындагы эң сүйүктүү акын. Мен анын ырларын которууга өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгүн арнадым десем болот. Бул гениалдуу акын жөнүндө «Менин Алыкулум» аттуу китеп да жазгам. Андан сырткары, кыргыз акындык өнөрүндө менин досум, улуу акын Жолон Мамытовдун өчпөс аты бар. Тилекке каршы, азыр жаныбызда жок, бирок дайыма менин жүрөгүмдө.

Акын жана котормочу Михаил Синельников азиялык көптөгөн акындардын ырларын которуп жүргөнү менен таанылган. Ал эми бул жолу Москвадагы кыргызстандыктардын «Алатоо» уюму жана «Замандаш» Ассоциациясы менен биргеликте чыгарылган «Ала кийиз» аттуу китепте анын кыргызстандык акындардын чыгармаларын орусчага жасаган котормолору кирди.

Бул кечени Кыргызстандан келген ырчылардын концерти улады.

Төрөкул Дооров, Москва
XS
SM
MD
LG