Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

ТАЛАС: ТӨӨ БУРЧАКТЫН БААСЫ КӨТӨРҮЛБӨСӨ, ЭЛ КӨТӨРҮЛӨТ


Таласта төө буурчак баасын жогорулатуу тууралуу жыйын болду. Жыйынга администрация тарабынан атайын түзүлгөн комиссия мүчөлөрү жана “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү катышты. Сырт жактан келип төө буурчак алып жаткан чет мамлекеттик фирмалардын башчылары чакырылганы менен жыйынга келген жок.

Бүгүнкү учурда Таласта төө буурчактын баасы “Кызылчаар”, “Боксер”, “Бабы”, Скоросилка” сортторунун баасы 27 сом. Ал эми быйыл эң көп айдаган “Лопатка”, “Китаянка”, “Сахарный” сорттору 21-22 сом болуп жатат. Эл арасында төө буурчактын баасын өкмөт атайын монополия түзүп, дыйкандар аз айдаган сорттун баасын кымбаттатып, көп айдаган “Лопатка” сортун арзан кылууда деген сөздөр айтылууда.

Талас облустук администрация тарабынан жогоруда айтылган маселени чечүү максатта атайын комиссия түзүлгөн. Жыйынга сырт жактан келип, төө буурчак алып жаткан ондон ашык инвесторлордун ичинен “СПК-Талас” деп аталган башчысынын орун басары Эржан Озар мырза жалгыз келип катышты. Ал төө буурчак баасы тууралуу буларга токтолду:

-Баардыгы төө буурчактын баасына кызыгат. Биз жогорку биржанын баасын карап, анан өзүбүзгө ылайык болгон баада силерден алабыз. Өкмөт бизден акча, шапка сураса биз иштебей эле үйдө отурганыбыз жакшы. Монополия түзүү деген сөз жалган,- дейт Эржан Озар.

Комиссиянын эл арасынан шайланган мүчөсү Бакир Жумабеков бул жерде чатактын баарын Талас бийлик “СПК-Талас” фирмасы менен монополия түзүп жатат деп “Азаттыкка” айтты:

-Бул жерде бир эле “СПК-Талас” фирмасы ролду ойноп жатат. Ачык айтканда. 19 эмес 190 фирма келсе дагы бир эле ушул фирма ойноп коюп жатат,- дейт Бакир Жумабеков.

Былтыр төө буурчакты кымбат баада эл электр тармагына, салыкка төгүп келген. Быйыл электр тармагы ишканасы тоо буурчакты кымбат баада кабыл ала албай койгон. Анткени, былтыр өтө чоң чыгымга учурадык, деп билдирди жыйында Талас-түндүк электр бөлүмүнүн башчысы Кыркбек Султанов:
-Эгерде базарда 20 сом боло турган болсо 20 сом менен. 10 сом боло турган болсо 10 сом менен. Былтыркыдай 43 миллионго пособие алдык анын ичинен былтыр 12 миллионго чыгашага учураганбыз. Сиздер дагы туура түшүнсөңүздөр биздин милдет алган акча менен кайра электр жабдыгын элге жеткириш.

Жыйындын соңунда жазылган чогулуштун протоколун кошуп, комиссия мүчөлөрү өкмөткө атайын кайрылуу катын жөнөтмөк болушту. Маселе чечилбеген бойдон ачык калды. Жыйынга катышкан “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Элүүбай Отунчиев эгер маселе чечилбесе, элдер кайра митинг, пикеттерге чыгаарын айтты.


Уланбек Абдырахманов, Талас

XS
SM
MD
LG