Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

20- НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылдын бу күнү Жетисуу областтык аскер-губернатору Пржевальск шаар бийлигине телеграмма жолдогон. Кыргызстандын Жогорку Соту 2003-жылдын бу күнү бир катар саясий уюмдарды экстремисттик жана террористтик бирикме катары таануу туурасында токтом кабыл алды.

1916-жылдын бу күнү Жетисуу областтык аскер-губернатору Пржевальск шаар бийлигине телеграмма жолдогон. Аскер-губернатору 1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүш айынан талкаланган коммуникацияны оңдоо туурасындагы жергиликтүү бийлик иштеп чыккан сунушту жактыргандыгын билдирди. Жыйынтыгында Жыргалаң суусуна үч көпүрө, Аксууга бир жана Боом капчыгайына бир канча көпүрө салуу туурасында чечим чыгарылган.

Большевиктер 1917-жылдын 20-ноябрында «Россия жана Чыгыштын бүткүл мусулмандарына» кайрылуу кабыл алган. Кайрылууда буга чейин эзилип келген чыгыш мусулмандарына эркиндик келгендиги белгиленип, алардын өз турмушун эркине жараша каалагандай кура ала тургандыгы жар салынат. Ошондой эле чыгыш мусулмандарынын укугу мамлекет тарабынан корголо тургандыгы белгиленет. Большевиктик бийлик мусулман калкынын диний ишенимин жана каада-салтын сактай тургандыгына кепилдик берген. Мындай жардык кыргыздар арасында да колдоо таап, совет бийлигин тааныгандардын саны арбыган.

2003-жылдын бу күнү Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунунун тышкы иштер министрлери Кант аскер-аба базасында жайгашкан аскер кызматчыларынын жашоо шарты менен таанышып, базага уюмдун туусун тапшыруу салтанаты өткөрүлдү.

Кыргызстандын Жогорку Соту 2003-жылдын бу күнү бир катар диний-саясий уюмдарды экстремисттик жана террористтик бирикме катары таануу туурасында токтом кабыл алды. Токтомдо каралгандай «Хизб-ут-Тахрир», «Шарк Азат Түркстан», «Шарки Түркстан ислам» жана «Түркстан ислам» партиялары террорчул партиялар деп таанылган.

Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2003-жылдын бу күнү Бишкекте чегара коопсуздугун бекемдөөгө арналган талкуу уюштурду. Чегараны коргоо проблемалары тилкелеш жайгашкан өлкөлөр арасында ич ара өнөктөшүүнү талап кылгандыктан, эл аралык уюмдар аларга колдоо көрсөтөөрүн билдиришти.

Атпай журтка белгилүү кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жаш курагында узакка созулган оору айынан 2004-жылдын бу күнү дүйнөдөн кайтты. Б. Сарногоев Талас районуна караштуу Шумкар уя айылында жарык дүйнөгө келген. Калк сүймөнчүгү алгачкы чыгармасын 13 жашында жазып, ал ыры райондук гезитте басылган. Ал 15 жашында ата-энесинен ажырап томолой жетим калып, орто окууну Бишкектеги № 5-мектебинен алып, кийин Москвадагы Горький атындагы адабият институтунан билимин өркүндөткөн. Байдылда акындын ондогон ыр китептери жарык көрүп, «Ашуудан берген отчетум» аттуу ырлар жыйнагы окурмандардын жан шеригине айланган. Байдылда Сарногоевдин адабиятка кошкон эмгеги Токтогул атындагы сыйлык, 3-даражадагы Манас ордени менен бааланган.

2005-жылдын бу күнү Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында Кыргызстандын вице-консулдугу ачылды.

Бу күнү, бөбөктөрдүн Бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип, 1541-жылы швейцариялык реформатор Жан Кальвин чиркөөнү реформалоо теориясын иштеп чыгып, 1937-жылы коммунисттер митрополит Кириллди атышып, 1963-жылы Бириккен Улуттар Уюму расалык дискриминациянын бардык түрүн жоюп, 1969-жылы футбол королу Пеле 1000-голду киргизип, 1602-жылы немец физиги Отто фон Герике, 1711-жылы Михаил Ломоносов, 1752-жылы Томас Чаттертон, 1876-жылы немец каллиграфы Рудольф Кох, 1886-жылы зоолог, Нобель сыйлыгынын лауреаты Карл Фриш, 1889-жылы америкалык астроном Эдвин Хаббл, 1925-жылы айтылуу балет артисти Майя Плисецкая, 1942-жылы котормочу Мырзаян Төлөмүшов жарык дүйнөгө келген.


Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG