Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

БРИТАНИЯ ПАКИСТАНГА БЕРЧҮ ЖАРДАМЫН ЭКИ ЭСЕ КӨБӨЙТӨТ


Британия жана Пакистан терроризм менен диний экстремизмге каршы күрөштө дагы жакын кызматташат.Бул жөнүндө премьер-министр Тони Блэр Пакистандын Лахор шаарында президент Первез Мушарраф менен кездешкенден кийин маалымдады. Мушарраф- Пакистан территориясындагы талибдерге каршы жигердүү согушпай жатат деген айыптоону четке кагып, уруулардын көзөмөлү астындагы Ооганстанга чектеш калабалуу аймактарда өкмөттүк күчтөр 600дан ашуун аскерин жоготконун белгилей өттү.

Президент Первез Мушарраф жана премьер-министр Тони Блэр Лахордогу кездешүүдө Пакистан терроризме каршы согуштун жеңишине чечүүчү салымды кошконун ырасташып, Ооганстанда тартипти орнотуу чоң мааниге ээ болгонун да белгилешти.

Блэр талибдерге жана диний экстремизмге каршы согушта Британия өз милдеттенмесин аткарат деп, Пакистандын экстремизмди чектөө аракетин жогору баалады:

-Менин оюмча, биз азыр татаал глобалдык күрөштүн ортосунда турабыз. Күрөштүн түрдүү аспектери бар: анын бирөө Ооганстанда болуп жаткан окуялар экени анык, экинчи бири Пакистанда жүрүп жаткан окуялар жана президент Мушарраф келечекке болгон түрдүү көз караштарын ортого салды. Бул Пакистан үчүн эле эмес, башка ислам өлкөлөрү да колдонууга алчу багыт.

Блэр ырасмий Лондон Пакистанга берип жаткан жардам эки эсеге көбөйтүлөрүн жарыя кылды. Келерки үч жылда бул жардам азыркы 446 миллион доллардан 907 миллион долларга чыгат. Ырасмый булактардын айтышынча, бул каражаттын көбү Пакистандын коопсуздук кызматтарын өнүктүрүүгө жана медреселерде экстремисттик маанайды жайылтпоо үчүн жумшалат.

Исламабаддын Пакистан-Ооганстан чекарасында жойлоп жүргөн талибдерге каршы кызматташуусу Кошмо Штаттары менен НАТОнун Ооганстандагы операциясынын ийгилиги үчүн маанилүү саналат.
Учуруда 5 миң чамалуу британ аскери Ооганстандагы 31 миң колдуу НАТО башындагы күчтөрдүн катарында талибдерге каршы согушууда.

Президент Мушарраф Пакистандын аймагындагы талибдерге каршы чечкиндүү аракеттер көрүлбөй жатат деген сын пикирлерди четке кагып, Ооганстанга чектеш аймактарда өкмөттүк күчтөр 600дөн ашуун аскерин жоготконун баса белгиледи. Жана жалаң аскердин күчү менен Ооган проблемасын чечип болбосун, өлкө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европаны калыбына келтирүүгө АКШ бөлгөн миллиардаган долларлык дагы бир Маршал планысыз калбына келбесин айтты.

Пакистан лидери Жакынкы Чыгыштагы кырдаал экстремизмге каршы согушка тескери таасир этип жатканына да көңүл бурду:

-Талашты басууда палестиндердин чатагын чечүү өзгөчө маанилүү. Бул Иракта же Ливанда болуп жаткан окуяларга тескери таасир этет, же атүгүл анын зыяны Ооганстанга да тийет, эларалык терроризмге каршы (күрөшкө) да таасири тийет.

Амирбек Усманов, Прага

XS
SM
MD
LG