Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамга расмий визит жасады. Бул анын беш жылдан бери Вьетнамга жасаган алгачкы визити. Визит учурунда Путин Вьетнамдын мамлекет башчысы Нгуен Мин Триит жана башка өкмөт өкүлдөрү менен жолугушту. Путин менен Мин Триит жаңы мунай кендерин чалгындоо үчүн биргелешкен мунай компаниясын кайра курууну чечишти. Апта соңунда Президент Путин Азия- Тынч Океан лидерлеринин Ханойдо өткөн саммитине катышты.