"Гендердик монтаж" деп аталган долбоор экссоветтик жумурияттардын кинорежиссерлору менен укук коргоочулардын тыкыз кызматташуусунун натыйжасында мүмкүн болду. Фильмдердин баарында коомчулуктун көңүлүн аялдардын курч турган проблемаларына көңүлүн бурууга аракет кылынат.
Кыргыз киночулары менен укук коргоочу активисттердин "Элечек" аттуу тасмасында күйөөсүнүн токол алуусуна каршы чыккан Сайраш деген аялдын тагдыры, анын өзүн коргоо үчүн жасаган аракеттери жөнүндө айтылат. Тууган-туушкандарынын түшүнбөстүгүнө, айланадагылардын ушак- айың кептерине туш болгон Сайраш акыры тагдырдын жазганына мойун сунбастан, өзүн өзү коргойт. Ачык Коом Институтунун Кыргызстандагы өкүлү Нургүль Асылбекова мекемеге кайрылган ар бир 10 аялдын төртөө ушундай проблемага туш болгондор экенин белгилеп, мындай акыбалды советтик система кулаган соң аялдар иштеген ишканалар жабылып, көптөгөн аялдардын "көчөдө" калганы менен түшүндүршөт.
"Адатта бизге биринчи аялдар кайрылышат, жардам сурагандандардын арасында экинчи, ал тургай, үчүнчү аялдар да болот. Биринчи аялдар психологиялык жардам сурап, мүлктү бөлүшүүгө кол кабыш кылууну өтүнүшсө, экинчи аялдар балдарды коргоону суранышат. көп аял алуучуктун пайда болусуна аялдар иштеген ишканалардын эгемендик жылдарында жабылып, көптөгөн аялдардын укуктары тебеленип жатканы себеп", - дейт Асылбекова.
Асылбекованын айтымында, аялдардын социалдык төмөн баскычка түшүп калуусу менен эркектердин аялдарга патриархалдык мамиле кылуусу кайрадан жанданды. Көптөгөн эркектер аялдарга мүлк же жумушчу күч катары мамиле жасап калышты, дейт ал.
Биз сөз кылып жаткан долбордун алкагында жарык көргөн фильмдердин дагы бирөө- тажик аялдарынын көр-тирилик кыйынчылыктары жөнүндө баяндайт. "Жаңы Пенелопа" деген тасмада күйөөлөрү Россияга жумуш иштеп кеткен аялдар жөнүндө сөз болот. Күйөөлөрүнөн жардам келип турган аялдар жубайларынын алыста, өтө кыйын жагдайда күн көрүп жатканына өздөрүн күнөөлү деп сезишсе, жардам күтүп атып, акыры аргасы түгөнгөн аялдар балдарын багуу үчүн дагы бир адамга экинчи жана үчүнкү аялдыкка барууга аргасыз.
"Бул фильм аялдардын бир нече мууну жөнүндө баяндайт. Энелер кыздарынын алдында өздөрүн көнөөлүү сезишсе, күйөөлөрүнүн кыйын шарттарда күн көрүп, кара жанын карч уруп иштеп жатканын билген аялдар өздөрүн жубайларынын алдында күнөөкөр. Ошону менен бирге эле тасма адамдардын оор жагдайларда адаттан тыш кадамдарга бараарын чагылдырат"-дейт Ачык Коом Институнунун Тажикстандагы жооптуу өкүлү Зухра Халимова.
Баян Жумакадыр кызы, Прага