Эксперттер кеңеши деген уюм 86 эксперт-динаятчыдан турат жана алар өлкөнүн руханий жетекчисин тандайт, азыр андай жетекчи - аятолла Али Хаменеи. Бул Кеңеш сегиз жылдык мөөнөткө шайланат жана 1979-жылы Иранда исламдык революция жеңгенден кийин Кеңешке үч шайлоо болгон, азыркы шайлоо - төртүнчү.
Ирандын саясий системасы бир топ татаал, аны айрым байкоочулар эки баштуу система деп да атайт жана аны СССРдеги система менен салыштырат. Советтер союзунда парламент менен өкмөт болгону менен, бардык маселелерди коммунисттик партия чечип келген, ошондуктан парламент менен өкмөт жыйындарына караганда партиянын съезддери алда канча жогору мааниге ээ болчу.
Иранда болсо советтик коммунисттердин маанисине динаятчылар ээ. Эксперттер кеңеши деген уюм Ирандын руханий жетекчисин тандайт жана ал жетекчи СССРдеги компартиянын Борбордук комитетинин баш катчысына окшош. Өлкө саясатынын негизги багыттарын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш деген уюм аныктайт, аны руханий жетекчинин көзөмөлү алдында президент башкарат, бирок ал Кеңештин катчысы дагы бир топ мааниге ээ. Анын жыйындарына парламенттин, аскерий жетекчиликтин башчылары, министрлер жана остан деп аталган дубандардын губернаторлору да катышат.
Мыйзам чыгаруу иши үчүн 290 депутаттан турган парламент жооптуу, президент болсо аткаруу бийлигинин башчысы жана өлкөнүн экинчи адамы болуп эсептелинет. Андан тышкары Револиция сакчыларынын кеңеши, Уламалар кеңеши деген сыяктуу көптөгөн башка уюмдар менен кеңештер бар.
Эксперттер кеңешиндеги 86 орун үчүн мындан бир ай мурда беш жүзгө жакын талапкер көрсөтүлгөн, бирок шайлоо комиссияларынын милдетин аткарган Сакчылар кеңеши андан бери ал кандидаттардын үчтөн экисин шайлоодон четтетип салды. Мисал үчүн, аял кандидаттын баары шайлоодон четтетилди, жана Сакчылар кеңешинин басма сөз катчысы Аббас Али Кадходайдын айтымында, алар жана башка талапкерлер шариат эрежелерин жакшы билбегени үчүн шайлоодон алынды.
Кандидаттар шариат боюнча атайын сынактан өтөт жана Кадходай билдиргенге караганда, Эксперттер кеңешинин азыркы айрым мүчөлөрү дагы андай сынактан өтө албай калды. Шайлоодон четтетилген талапкерлер 28-ноябрга чейин каршы арыз берүүгө укуктуу, ошондуктан шайлоого канча адам катышаары декабрдын башында, шайлоонүн өзүнө эки апта калганда белгилүү болот.
Нарын АЙЫП, Прага