Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу боюнча депутаттар Мелис Эшимканов менен Камчыбек Ташиевдин демилгесин “ Содружество” партиясы колдойт. Бул тууралуу бүгүн бул партиянын лидери Владимир Нефадьев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, парламент жаңы Конституциянын алкагында иш алып баруусу зарыл. Эгерде Жогорку Кеңеш өзүн өзү жакын арада таркатса, 2007-жылы жаз айларында парламентик шайлоону партиялык тизменин негизинде өткөрүү керек. (AJ)