Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

МОСКВАДА СКИНХЕДДЕР КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАНДЫ САБАП КЕТИШТИ


19-ноябрь күнү кечинде Орусиянын Москва областында поездде улутчул жаштардын тобу, же скинхеддер, кыргызстандык жаранды сабап кетишти. 23 жаштагы Чыңгыз Кайыпов эс-учун жоготуп, Москвадагы Склифосовский атындагы тез-жардам ооруканасынын реанимация бөлүмүндө комада жатат.

«Кыргызстандык Чыңгыз Кайыпов азыр оор абалда Склифосовский атындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат» деп билдиришти дарыгерлер.

Бирок алар азырынча Кайыповдун абалы тууралуу толук маалыматты бере албай тургандыктарын билдиришти.

Аны өткөн жекшембиде кечинде Подмосковьеде сабап кетишкен. Москва областынын транспорт прокуратурасынын прокурорунун милдетин аткаруучу Людмила Евмененко «Азаттыкка» билдиргендей, бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

- Бул боюнча козголгон кылмыш ишин азыр биздин тергөөчүлөр карап жатышат. Кармалгандарга Орусиянын Кылмыш кодексинин 282-бересинин экинчи бөлүгү боюнча «улуттук жек көрүүчүлүк менен адамга кол салышкан» деп айып тагылышы мүмкүн. Кайыповго кол салгандар, адатта, скинхеддер кийчү бут кийимчен болушкан. Алар электричкага башка улуттагыларга кол салыш үчүн атайын киришкен. Азырынча төрт адам кармалды, бирок алардын саны алда канча көп болгон. Азыр биз издөө иштерин улантып жатабыз. Кайыпов тууралуу маалыматты биз анын паспортунан гана алдык. Ал азыр эс учун жоготуп, реанимацияда жаткандыктан эч нерсе айта албайбыз. Ал өтө катуу сокку жеген, мээсине доро кеткен. Анын туугандары да азырынча ал тууралуу кабары жок болсо керек, - деди Москва областынын транспорттук прокуратурасынын прокурорунун милдетин аткаруучу Людмила Евмененко.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинде баралына жете элек жаш балдар да бар. Андыктан аларга кандай кине коюлаары да так белгисиз.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG